ТоктомКүчүндө

Корул айылдык кенешинин 2011-жылынын 21-сентябрындагы №27/4 «Корул айыл өкмөт башчысын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө» токтому

Редакция21.09.2011 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Корул айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XXVII кезексиз заседаниесинин

 

2011-жылдын 21-сентябры №27/4

Корул айыл өкмөт башчысын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 6-сентябрындагы № 236 токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 49-беренесинин 5-бөлүкчөсүнө ылайык 2011-жылдын 21-сентябрында Корул айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгы менен Корул айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Корул айыл өкмөт башчысы болуп, айылдык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган Жороев Абазбек Алтынович шайланды деп эсептелинсин.

2.Корул айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, көпчүлүк добушка ээ болуп шайланган Жороев Абазбек Алтынович Корул айыл өкмөт башчысы кызматына дайындоо жөнүндө буйрук берүү жагы Алай райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

3.Корул айыл өкмөтүнүн башчысы кызматка шайланган 21.09.2011-жылдагы шайлоонун жыйынтыгы менен көпчүлүк добушка ээ болгон Жороев Абазбек Алтыновичке тийиштүү үлгүдөгү күбөлүк берүү жагы Алай аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин жооптуу катчысы С.Жээмуратовага милдеттендирилсин.

 

Корул айылдык кеңешинин

төрагасынын орун басары

 

Т.Осмонова