Загрузка документа…
КР Президентинин 2013-жылдын 7-июнундагы ПЖ № 139 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
1998-жылдын 3-апрели ПУ № 87
Кыргыз Республикасынын Адамдын омоктуу өнүгүшү боюнча улуттук стратегиясы жөнүндө
Адамдын, Коомдун жана Табияттын жагымдуулугун жана шайкештигин камсыз кылууга багытталган жалпы улуттук милдет катары Кыргызстанда Адамдын Омоктуу Өнүгүшүнө өзгөчө маани берүү менен жана бул маселенин чечилиши мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын жана коомчулуктун биргелешкен аракетин, ага калктын кеңири катмарынын жигердүү катышуусун талап кыла тургандыгына таянып, ошондой эле Кыргызстан элинин XXI кылымдын биринчи чейрегинде ачык, адилет жана гүлдөгөн өлкөнүн абалына жетишүүгө карата умтулуусун чагылдырган Кыргыз Республикасынын Адамдын омоктуу өнүгүшү боюнча улуттук стратегиясын ишке ашыруу максатын көздөө менен
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасында адамдын омоктуу өнүгүшүнө жетишүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты жана узак мөөнөттүү келечектеги жалпы улуттук максат, ал эми Адамдын омоктуу өнүгүшү боюнча улуттук стратегия - өлкөнүн 2015-жылга чейинки мезгилдеги өнүгүшүнүн башкы программасы деп эсептелинсин жана анын чектеринде башкаруу, аны борбордон алыстатуу, адамдын коопсуздугу үчүн коркунуч келтирүүчү жагдайларды, барыдан мурда - жакырчылыкты жоюу, экономикалык өнүгүү, курчап турган чөйрөнү коргоо, адамдын жана коомдун мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү жана коомду бириктирүү чөйрөлөрүндө улуттук программалар иштелип чыгып, жүзөгө ашырылмакчы.
2. Мамлекеттик органдардын жана коомдук уюмдардын өлкөдө адамдын омоктуу өнүгүшүнө жетишүү максатына багытталган өз ара аракеттенүүсүн координациялоо үчүн Кыргыз Республикасынын Адамдын омоктуу өнүгүшү боюнча кеңеши түзүлсүн.
3. Кыргыз Реснубликасынын Адамдын омоктуу өнүгүшү боюнча кеңеши жөнүндөгү жобо бекитилсин (тиркелет).
4. Кыргыз Республикасынын Адамдын омоктуу өнүгүшү боюнча кеңешинин курамына кызмат орду боюнча төмөнкүлөр киргизилсин: Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин палаталарынын Төрагалары, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы, Кыргыз Реснубликасынын Жогорку сотунун Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармасынын төрагасы, адамдын омоктуу өнүгүшүнүн маселелери боюнча Республикалык коомдук эксперттик кеңештин төрагасы, Кыргыз Республикасынын областтарынын губернаторлору жана Бишкек шаарынын өз алдынча башкаруусунун башчысы.
5. Адамдын омоктуу өнүгүшү боюнча кеңештин биринчи кезектеги маселелери төмөнкүлөр деп эсептелинсин:
- 2015-жылга чейинки мезгил үчүн Кыргыз Республикасынын Адамдын омоктуу өнүгүшү боюнча улуттук стратегиясын жүзөгө ашыруунун комплекстүү программасын иштеп чыгуу;
- мамлекеттик органдардын жана коомдук уюмдардын Адамдын омоктуу өнүгүшү боюнча улуттук стратегиянын, биринчи кезекте жакырчылыкты азайтуу жана жоюу жаатында натыйжалуу ишке ашырылышын камсыз кылуу боюнча иш-аракетин координациялоо;
- жергиликтүү, республикалык жана эл аралык деңгээлдерде Адамдын омоктуу өнүгүшү боюнча улуттук стратегияны жайылтуу жана алдыга жылдыруу.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- өзүнүн чечимдерин ушул Указга ылайык келтирсин;
- эки айлык мөөнөт ичинде Кыргыз Республикасынын Адамдын омоктуу өнүгүшү боюнча кеңешине 2003-жылга чейинки мезгил үчүн Адамдын омоктуу өнүгүшү боюнча улуттук стратегияны ишке ашыруу жагынан тармактык жана аймактык программалардын долбоорлорун сунуш кылсын;
- республикалык бюджеттин долбоорунда 1999-финансы жылынан тартып Кыргыз Республикасынын Адамдын омоктуу өнүгүшү боюнча кеңеши тарабынан жактырылган Кыргыз Республикасынын Адамдын омоктуу өнүгүшү боюнча улуттук стратегиясыи ишке ашыруу, борбордо жана жер-жерлерде Кеңештин иш-аракетин камсыз кылуу үчүн каражат карасын.
7. Областтардын губернаторлору жана Бишкек шаарынын мэри адамдын омоктуу өнүгүшү боюнча жергиликтүү кеңештерди түзүп, ага жетекчилик кылсын.
8. Указ кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А.Акаев |