Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2013-жылдын 7-июну ПЖ № 139
Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин мурда кабыл алынган чечимдерин инвентаризациялоонун алкагында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 1994-жылдын 6-сентябрындагы № 232 "Калктын кирешесин декларациялоого өтүү боюнча чаралар жөнүндө" Указы;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 1994-жылдын 23-декабрындагы № 347 "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү Фондун финансылык камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" Указы;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 25-январындагы № 30 "Кыргыз Республикасынын аксакалдар соттору жөнүндө Убактылуу жобону бекитүү тууралуу" Указы;
4) Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 15-январындагы № 8 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын чыгымдардын бюджетин түзүүнүн негизги принциптери жөнүндө" Указынын 3-пункту;
5) Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 3-апрелиндеги № 87 "Кыргыз Республикасынын Адамдын омоктуу өнүгүшү боюнча улуттук стратегиясы жөнүндө" Указы.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А.Атамбаев |