Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 4-августу № 20/3
Кара-Кочкор айылдык округунун Сары-Булак айылындагы көчөгө ат коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө» мыйзамынын аткарылышы боюнча 05.03.1998-жылдагы № 108-токтомунун негизинде Кара-Кочкор айылдык округунун кеңешинин аймагындагы Сары-Булак айылынын көчөсүнө ат коюу боюнча элдик жыйындын 2011-жылдагы 02.06.№ 6-токтомуна ылайык Кара-Кочкор айылдык округунун Кенешинин кезексиз жыйырманчы сессиясынын (IV-шайланган) жыйналышы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кочкор айылдык округуна караштуу Сары-Булак айылынын элдик жыйынын 02.06.2011-жылдагы № 6-токтому бекитилсин.
2. Сары-Булак айылынын тургуну Каримбаев Ниматилланин үйүнөн Мырзаев Абдирашиттин үйүнө чейинки тик кеткен көчө Бокоев Кожо атындагы көчө болуп аталсын.
3. Коюлган көчөлөрдү иретке келтирүү, көчөдөгү үйлөргө катар номерлерди тагуу, көчөнүн бузулган жерлерин оңдоо, шагыл токтуруу жактары Бокоев Кожонун балдарына жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык округунун туруктуу комиссияларына жана айылдык округунун аппаратынын кызматкерлерине тапшырылсын.
Кара-Кочкор айылдык кенешинин төрагасы |
Т. Кайыпкулов |