Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 4-марты №13/3
Депутаттардын Кара-Кулжа райондук кеңешинин 2010-жылдын 30-июлунда кабыл алган "Райондун калкынын саламаттыгын тейлөөдө райондук аймактык оорукананын, райондук үй-бүлөөлүк дарыгерлер борборунун, райондук кургак учук диспансеринин, райондук тиш эмканасынын жана райондук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык бекеттин жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндөгү" № 10\1-токтомунун аткарылышы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү» мыйзамынын 28-беренесинин 1-пунктуна, 29-беренесинин 1-пунктунун 4-пунктчасына жана депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин Регламентинин 5-главасынын 5.2-пунктуна ылайык Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин 2010-жылдын 30-июлунда кабыл алган "Райондун калкынын саламаттыгын тейлөөдө райондук аймактык оорукананын, райондук үй-бүлөөлүк дарыгерлер борборунун, райондук кургак учук диспансеринин, райондук тиш эмканасынын жана райондук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык бекеттин жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндөгү" №10\1-токтомунун аткарылышы жөнүндөгү маалыматты, райондук Кеңештин туруктуу комиссияларынын кошмо жыйналышынын берген сунуштарын угуп жана талкуулап депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин 2010-жылдын 30-июлунда кабыл алган" Райондун калкынын саламаттыгын тейлөөдө райондук аймактык оорукананын, райондук үй-бүлөөлүк дарыгерлер борборунун, райондук кургак учук диспансеринин, райондук тиш эмканасынын жана райондук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык бекеттин жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндөгү" №10\1-токтому Кара-Кулжа райондук үй-бүлөөлүк дарыгерлер борбору тарабынан айрым кемчилдиктери менен аткарылып жаткандыгы белгиленсин.
2. Кара-Кулжа райондук үй-бүлөөлүк дарыгерлер борборунун жетекчиси К.Токтошевге:
-жетишпеген адистиктер жана дарылоо мекемелеринин материалдык-техникалык базаларын өркүндөтүү боюнча кечиктирилгис иштерди алып баруу,
-райондук үй-бүлөөлүк дарыгерлер борборунда иштеген кызматкерлер арасында иштиктүү атмосфера түзүү, эмгек тартибин бекем сактоо,
-айылдык округдардын жетекчилери менен биргеликте медициналык мекемелерди мамлекеттик каттоодон өткөрүү,
-өз функциясына кирген ар кандай маселелердин үстүндө иштеп, максаттуу иштерди жүргүзүү жана бул багытта жүргүзүп жаткан иштеринин абалы боюнча 2011-жылдын 1-апрелине райондук Кеңешке жазуу жүзүндө маалымат берүү жактары милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы райондук Кеңештин социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, коммуналдык жана муниципалдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүү нүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы З.Шалтаков) жана райондук Кеңештин аппаратынын кызматкерлерине тапшырылсын.
Кара-Кулжа райондук кеңешинин төрагасы |
А. Алишов
|