ТоктомКүчүндө

Кара-Кулжа райондук кеңешинин 2011-жылдын 4-мартындагы №13/3 «Депутаттардын Кара-Кулжа райондук кеңешинин 2010-жылдын 30-июлунда кабыл алган «Райондун калкынын саламаттыгын тейлөөдө райондук аймактык оорукананын, райондук үй-бүлөөлүк дарыгерлер борборунун, райондук кургак учук диспансеринин, райондук тиш эмканасынын жана райондук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык бекеттин жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндөгү» № 10\1-токтомунун аткарылышы жөнүндө» токтому

Редакция04.03.2011 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КАРА-КУЛЖА РАЙОНДУК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Кара-Кулжа райондук кеңеши кезектеги он үчүнчү сессиясынын (IV шайланган) жыйналышы

 

2011-жылдын 4-марты №13/3

Депутаттардын Кара-Кулжа райондук кеңешинин 2010-жылдын 30-июлунда кабыл алган "Райондун калкынын саламаттыгын тейлөөдө райондук аймактык оорукананын, райондук үй-бүлөөлүк дарыгерлер борборунун, райондук кургак учук диспансеринин, райондук тиш эмканасынын жана райондук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык бекеттин жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндөгү" № 10\1-токтомунун аткарылышы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү» мыйзамынын 28-беренесинин 1-пунктуна, 29-беренесинин 1-пунктунун 4-пунктчасына жана депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин Регламентинин 5-главасынын 5.2-пунктуна ылайык Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин 2010-жылдын 30-июлунда кабыл алган "Райондун калкынын саламаттыгын тейлөөдө райондук аймактык оорукананын, райондук үй-бүлөөлүк дарыгерлер борборунун, райондук кургак учук диспансеринин, райондук тиш эмканасынын жана райондук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык бекеттин жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндөгү" №10\1-токтомунун аткарылышы жөнүндөгү маалыматты, райондук Кеңештин туруктуу комиссияларынын кошмо жыйналышынын берген сунуштарын угуп жана талкуулап депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин 2010-жылдын 30-июлунда кабыл алган" Райондун калкынын саламаттыгын тейлөөдө райондук аймактык оорукананын, райондук үй-бүлөөлүк дарыгерлер борборунун, райондук кургак учук диспансеринин, райондук тиш эмканасынын жана райондук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык бекеттин жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндөгү" №10\1-токтому Кара-Кулжа райондук үй-бүлөөлүк дарыгерлер борбору тарабынан айрым кемчилдиктери менен аткарылып жаткандыгы белгиленсин.

2. Кара-Кулжа райондук үй-бүлөөлүк дарыгерлер борборунун жетекчиси К.Токтошевге:

-жетишпеген адистиктер жана дарылоо мекемелеринин материалдык-техникалык базаларын өркүндөтүү боюнча кечиктирилгис иштерди алып баруу,

-райондук үй-бүлөөлүк дарыгерлер борборунда иштеген кызматкерлер арасында иштиктүү атмосфера түзүү, эмгек тартибин бекем сактоо,

-айылдык округдардын жетекчилери менен биргеликте медициналык мекемелерди мамлекеттик каттоодон өткөрүү,

-өз функциясына кирген ар кандай маселелердин үстүндө иштеп, максаттуу иштерди жүргүзүү жана бул багытта жүргүзүп жаткан иштеринин абалы боюнча 2011-жылдын 1-апрелине райондук Кеңешке жазуу жүзүндө маалымат берүү жактары милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы райондук Кеңештин социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, коммуналдык жана муниципалдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүү нүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы З.Шалтаков) жана райондук Кеңештин аппаратынын кызматкерлерине тапшырылсын.

 

Кара-Кулжа райондук

кеңешинин төрагасы

 

А. Алишов