ТоктомКүчүндө

Кара-Кулжа райондук кеңеши 2011-жылдын 4-мартындагы №13\5 «Депутаттардын Кара-Кулжа райондук кеңешинин эсеп иштерин жүргүзүүчүсүнө эмгек акы төлөө боюнча райондук кеңештин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 2010-жылдын 11-декабрындагы №6\3-чечими жөнүндө» токтому

Редакция04.03.2011 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КАРА-КУЛЖА РАЙОНДУК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Кара-кулжа райондук кеңешинин кезектеги он үчүнчү сессиясынын (IV шайланган) жыйналышы

 

2011-жылдын 4-марты № 13\5

Депутаттардын Кара-Кулжа райондук кеңешинин эсеп иштерин жүргүзүүчүсүнө эмгек акы төлөө боюнча райондук кеңештин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 2010-жылдын 11-декабрындагы №6\3-чечими жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгу» Мыйзамынын 31-беренесинин 1-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндөгу» 2007-жылдын 13-декабрындагы №ПЖ-548-Жарлыгынын 12-тиркемесине ылайык Кара-Кулжа райондук Кеңешинин эсеп иштерин жүргүзүүчүсүнө эмгек акы төлөө боюнча райондук Кеңештин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 2010-жылдын 11-декабрындагы №6\3-чечимин утуп жана талкуулап депутаттардьш Кара-Кулжа райондук Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин эсеп иштерин жүргүзүүчүсүнө эмгек акы төлөө боюнча райондук Кеңештин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 2010-жылдын 11-декабрындагы №6\3-чечими колдоого алынуу менен райондук Кеңештин эсеп иштерин жүргүзүүчүсүнө эмгек акы 2011-жылдын 1-январынан баштап төлөө жургузулсун.

2.Бул токтомду жетекчиликке алуу жаты райондук Кеңештин төрагасына жана райондук финансы бөлүмүнүн башчысы С.Толоновго тапшырылсын.

 

Кара-Кулжа райондук

кеңешинин төрагасы

 

А.Алишов