Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 20-октябры №18/1
Депутаттардын Кара-Суу шаардык кеңешинин регламентин бекитүү жөнүндө
2011-жылдын 16-июнундагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык Депутаттардын Кара-Суу шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Депутаттардын Кара-Суу шаардык кеңеши жаңы регламент кабыл алгандыгына байланыштуу депутаттардын Кара-Суу шаардык кеңешинин регламенти нормативдик укуктук акт катары мамлекеттик кайра катоодон өткөрүлсүн.
2.Ош облустук Юстиция башкармасынан депутаттардын Кара-Суу шаардык Кеңешинин регламентин юридикалык жактан кайра каттоодон өткөрүп берүү жагы суралсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика-бюджет, укук жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссияга жана депутаттардын шаардык кеңешининин жооптуу катчысы (Х.Турдукулов) тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Алиев |