ТоктомКүчүндө

Кара-Суу шаардык кеңешинин 2011-жылдын 20-октябрындагы №18/1»Депутаттардын Кара-Суу шаардык кеңешинин регламентин бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция20.10.2011 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Кара-Суу шаардык Кеңешинин (IV чакырылышынын) XVIII сессиясынын заседаниеси

 

2011-жылдын 20-октябры №18/1

Депутаттардын Кара-Суу шаардык кеңешинин регламентин бекитүү жөнүндө

2011-жылдын 16-июнундагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык Депутаттардын Кара-Суу шаардык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Депутаттардын Кара-Суу шаардык кеңеши жаңы регламент кабыл алгандыгына байланыштуу депутаттардын Кара-Суу шаардык кеңешинин регламенти нормативдик укуктук акт катары мамлекеттик кайра катоодон өткөрүлсүн.

2.Ош облустук Юстиция башкармасынан депутаттардын Кара-Суу шаардык Кеңешинин регламентин юридикалык жактан кайра каттоодон өткөрүп берүү жагы суралсын.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика-бюджет, укук жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссияга жана депутаттардын шаардык кеңешининин жооптуу катчысы (Х.Турдукулов) тапшырылсын.

 

Кара-Суу шаардык

кеңешинин төрагасы

 

Т. Алиев