Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011–жылдын 14-апрели № 12/6
Жоош айылдык Кеңешине Калинин айылынын 04.02.2011-жылдагы маркумду узатуудагы үчүлүк, бейшембилик, кырк, айттык деген диний ырым-жырымдарды кыскартуу боюнча келип түшкөн арыздарды кароо жөнүндө
Калинин айылынын 04.02.2011-жылдагы маркумду узатуудагы үчүлүк, бейшембилик, кырк, үчүнчү айттык деген диний ырым-жырымдарды кыскартуу боюнча элдик жыйындын протоколунун жана токтомунун негизинде Жоош айылдык округдун Кеңешинин 4-чакырылыш кезектеги 12-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл округунун аймагында маркум өткөн күнү чоң союш союууга, үчүлүк, бейшембилик ,кырк, айттык деген диний ырым-жырымдарды өткөрүүгө тыюуу салынсын.
2. Жогорудагы диний ырым-жырымдарды контролго алуу үчүн ар бир айылда айыл активдеринен ( эл башы, айыл молдосу, аксакалдар соту, жаштар комитети, аялдар комитетине, айыл башчы ) комиссия түзүлсүн.
3. Токтомдун №1 пунктунда көрсөтүлгөн диний ырым-жырымдарды комиссияга баш ийбей өткөргөн атуулдарга 30,0 мин сом штрафка кириптер кылынсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу мыйзамдуулук, андат укук, дин иштери, инвестиция тартуу, долбоорлор менен иштөө жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Жоош айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Утуров |