ТоктомКүчүндө

Жоош айылдык кенешинин 2011-жылдын 14-апрелиндеги №12/6 «Жоош айылдык Кеңешине Калинин айылынын 04.02.2011-жылдагы маркумду узатуудагы үчүлүк, бейшембилик, кырк, айттык деген диний ырым-жырымдарды кыскартуу боюнча келип түшкөн арыздарды кароо жөнүндө» токтому

Редакция14.04.2011 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Карасуу району Жоош айылдык округдук Кеңешинин 4-чакырылыш кезектеги 12-сесеиясы

 

2011–жылдын 14-апрели № 12/6

Жоош айылдык Кеңешине Калинин айылынын 04.02.2011-жылдагы маркумду узатуудагы үчүлүк, бейшембилик, кырк, айттык деген диний ырым-жырымдарды кыскартуу боюнча келип түшкөн арыздарды кароо жөнүндө

Калинин айылынын 04.02.2011-жылдагы маркумду узатуудагы үчүлүк, бейшембилик, кырк, үчүнчү айттык деген диний ырым-жырымдарды кыскартуу боюнча элдик жыйындын протоколунун жана токтомунун негизинде Жоош айылдык округдун Кеңешинин 4-чакырылыш кезектеги 12-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жоош айыл округунун аймагында маркум өткөн күнү чоң союш союууга, үчүлүк, бейшембилик ,кырк, айттык деген диний ырым-жырымдарды өткөрүүгө тыюуу салынсын.

2. Жогорудагы диний ырым-жырымдарды контролго алуу үчүн ар бир айылда айыл активдеринен ( эл башы, айыл молдосу, аксакалдар соту, жаштар комитети, аялдар комитетине, айыл башчы ) комиссия түзүлсүн.

3. Токтомдун №1 пунктунда көрсөтүлгөн диний ырым-жырымдарды комиссияга баш ийбей өткөргөн атуулдарга 30,0 мин сом штрафка кириптер кылынсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу мыйзамдуулук, андат укук, дин иштери, инвестиция тартуу, долбоорлор менен иштөө жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

Жоош айылдык кеңешинин төрагасы

 

А. Утуров