Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 22-ноябры № 19/7
Кара-Кулжа районунун аймагындагы аттулдарга “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруунун Жобосун иштеп чыгуу боюнча комиссия түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31 – беренесинин 2-бөлүкчөсүнө жана депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин регламентине ылайык депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Кулжа районунун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө өздөрүнүн чоң салымдарын кошкон атуулдарга Кара-Кулжа райондук Кеңеши тарабынан “Кара-Кулжа районунун ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун Жобосун иштелип чыгуу боюнча төмөндөгү курамда райондук Кеңештин депутаттарынан атайын комиссиясы түзүлсүн:
1. Алишов Азамат - Кара-Кулжа райондук Кеңешинин төрагасынын убактылуу орун басары, №2 жети мандаттуу Кара-Кулжа шайлоо округунан
депутат, комиссиянын төрагасы
2. Исманова Нурлан - Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын
орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары
Комиссиянын мүчөлөрү:
3.Ибраимов Сейтакун - Райондук ардагерлер Кеңешинин төрагасы
4.Жолдубаев Акмат - №2 жети мандаттуу Кара-Кулжа шайлоо округунан депутат
3.Козубаев Төрөш - №3 үч мандаттуу Жаңы-Талаа шайлоо округунан депутат
4.Париев Эрнуст - №5 үч мандаттуу Чакан-Таш шайлоо округунан депутат
5. Курманалиев Жумабай - №6 төрт мандаттуу Алайку шайлоо округунан депутат
2.Токтом райондук “Мезгил үнү” гезитине жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы райондук Кеңештин аппаратына тапшырылсын.
Кара-Кулжа райондук кеңешинин төрагасы |
К. Алиязов |