ТоктомКүчүндө

Кара-Кулжа райондук кенешинин 2011-жылдын 22-ноябрындагы № 19/7 «Кара-Кулжа районунун аймагындагы аттулдарга»Ардактуу атуул«наамын ыйгаруунун Жобосун иштеп чыгуу боюнча комиссия түзүү жөнүндө» токтому

Редакция22.11.2011 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КАРА-КУЛЖА РАЙОНДУК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кенешинин он тогузунчу сессиясынын (IV шайланган) жыйналышы

 

2011-жылдын 22-ноябры № 19/7

 Кара-Кулжа районунун аймагындагы аттулдарга “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруунун Жобосун иштеп чыгуу боюнча комиссия түзүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31 – беренесинин 2-бөлүкчөсүнө жана депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин регламентине ылайык депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1.Кара-Кулжа районунун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө өздөрүнүн чоң салымдарын кошкон атуулдарга Кара-Кулжа райондук Кеңеши тарабынан “Кара-Кулжа районунун ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун Жобосун иштелип чыгуу боюнча төмөндөгү курамда райондук Кеңештин депутаттарынан атайын комиссиясы түзүлсүн:

 

1. Алишов Азамат - Кара-Кулжа райондук Кеңешинин төрагасынын убактылуу орун басары, №2 жети мандаттуу Кара-Кулжа шайлоо округунан

 депутат, комиссиянын төрагасы

2. Исманова Нурлан - Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын

 орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары 

Комиссиянын мүчөлөрү:

3.Ибраимов Сейтакун - Райондук ардагерлер Кеңешинин төрагасы

4.Жолдубаев Акмат - №2 жети мандаттуу Кара-Кулжа шайлоо округунан депутат

3.Козубаев Төрөш - №3 үч мандаттуу Жаңы-Талаа шайлоо округунан депутат

4.Париев Эрнуст - №5 үч мандаттуу Чакан-Таш шайлоо округунан депутат

5. Курманалиев Жумабай - №6 төрт мандаттуу Алайку шайлоо округунан депутат 

2.Токтом райондук “Мезгил үнү” гезитине жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы райондук Кеңештин аппаратына тапшырылсын.

 

Кара-Кулжа райондук

кеңешинин төрагасы

 

К. Алиязов