Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 22-ноябры № 19/8
Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешине кызмат автомашина сатып алууга акча каражатын кароо жөнүндө
Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешине кызматтык автомашина алууга жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүүгө уруксат берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине жана Ош облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернаторго жазган кайрылуулардын жана депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, коммуналдык жана муниципалдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын эске алып Кара-Кулжа райондук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешине кызмат автомашина сатып алуу үчүн Кара-Кулжа районунун жергиликтүү бюджетинен 450,0 (төрт жүз элүү миң сом) акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын таап камсыз кылуу жагы райондук финансы бөлүмүнүн башчысы С.А.Төлөновго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы райондук Кенештин социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, коммуналдык жана муниципалдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (З. Шалтаков) тапшырылсын.
Кара-Кулжа райондук кеңешинин төрагасы |
К. Алиязов |