ТоктомКүчүндө

Кара-Кулжа райондук кеңешинин 2011-жылдын 22-ноябрындагы № 19/8 «Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешине кызмат автомашина сатып алууга акча каражатын кароо жөнүндө» токтому

Редакция22.11.2011 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КАРА-КУЛЖА РАЙОНДУК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин он тогузунчу сессиясынын (IV шайланган) жыйналышы

 

2011-жылдын 22-ноябры № 19/8

Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешине кызмат автомашина сатып алууга акча каражатын кароо жөнүндө

Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешине кызматтык автомашина алууга жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүүгө уруксат берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине жана Ош облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернаторго жазган кайрылуулардын жана депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, коммуналдык жана муниципалдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын эске алып Кара-Кулжа райондук Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешине кызмат автомашина сатып алуу үчүн Кара-Кулжа районунун жергиликтүү бюджетинен 450,0 (төрт жүз элүү миң сом) акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Акча каражатын таап камсыз кылуу жагы райондук финансы бөлүмүнүн башчысы С.А.Төлөновго милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы райондук Кенештин социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, коммуналдык жана муниципалдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (З. Шалтаков) тапшырылсын.

 

Кара-Кулжа райондук

кеңешинин төрагасы

 

К. Алиязов