ТоктомКүчүндө

Жоош айылдык кенешинин 2011-жылдын 16-сентябрындагы №14/4-2 «Муниципалдык менчиктеги обьектилердин классификациясын бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция16.09.2011 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Карасуу району Жоош айылдык округдук Кеңешинин 4-чакырылыш кезектеги 14-сессиясы

 

2011-жылдын 16-сентябры №14/4-2

Муниципалдык менчиктеги обьектилердин классификациясын бекитүү жөнүндө

Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы муниципалдык менчиктеги муниципалдык мулктөрдү рационалдуу пайдалануу боюнча муниципалдык менчиктеги обьектилердин классификациясын бекитүү жөнүндөгү эрежени социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын заседаниесинде карап жана талкуулап Жоош айылдык округдук кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы муниципалдык менчиктеги обьектилердин муниципалдык мүлкү жөнүндөгү классификациясы бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Жоош айылдык кеңешинин төрагасы

 

А.Утуров