Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011–жылдын 16-сентябры 14/4-5
Жоош айылдык кеңешинин аймагындагы Ак-Жар айылынын жашоочуларынын 31.05.2011-ж. жана Торобеков атындагы орто мектебинин мугалимдер жамаатынын 29.08.2011-ж. арыздарын кароо жөнүндө
Жоош айылдык кеңешинин аймагындагы Ак-Жар айылынын жашоочуларынын 31.05.2011-ж. жана Торобеков атындагы орто мектебинин мугалимдер жамаатынын 29.08.2011-ж. арыздарын Жоош айылдык кеңешинин айыл чарбасы, жер жана агрардык реформа боюнча туруктуу комиссиясында талкууланып Жоош айылдык округдук кеңешинин 4-чакырылыш кезектеги 14-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айылдык округунун аймагындагы Ак-Жар айылынын кире беришиндеги күн чыгыш тарапта жайгашкан 5,0 га кайра бөлүштүрүү фондунун кайрак жер аянты, Ак-Жар айылынын чыга беришиндеги айылдарды кеңейтүү үчүн калтырылган кайрак жер аянты менен алмаштырылып айьлдын генпланына өзгөртүү киргизилсин.
2. Ак-Жар айылынын генпланына өзгөртүү киргизүү жагы шаар куруу боюнча Кыргыз илимий изилдөө институтунун Оштогу бөлүмүнөн, (М.Ш.Асилбеков) суралсын.
Жоош айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Утуров |