ТоктомКүчүндө

Жоош айылдык кенешинин 2011-жылдын 16-сентябрындагы №14/4-5 «Жоош айылдык кеңешинин аймагындагы Ак-Жар айылынын жашоочуларынын 31.05.2011-ж. жана Торобеков атындагы орто мектебинин мугалимдер жамаатынын 29.08.2011-ж. арыздарын кароо жөнүндө»

Редакция16.09.2011 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Карасуу району Жоош айылдык округдук Кенешинин 4-чакырылыш кезектеги 14-сессиясы

 

2011–жылдын 16-сентябры 14/4-5

Жоош айылдык кеңешинин аймагындагы Ак-Жар айылынын жашоочуларынын 31.05.2011-ж. жана Торобеков атындагы орто мектебинин мугалимдер жамаатынын 29.08.2011-ж. арыздарын кароо жөнүндө

Жоош айылдык кеңешинин аймагындагы Ак-Жар айылынын жашоочуларынын 31.05.2011-ж. жана Торобеков атындагы орто мектебинин мугалимдер жамаатынын 29.08.2011-ж. арыздарын Жоош айылдык кеңешинин айыл чарбасы, жер жана агрардык реформа боюнча туруктуу комиссиясында талкууланып Жоош айылдык округдук кеңешинин 4-чакырылыш кезектеги 14-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жоош айылдык округунун аймагындагы Ак-Жар айылынын кире беришиндеги күн чыгыш тарапта жайгашкан 5,0 га кайра бөлүштүрүү фондунун кайрак жер аянты, Ак-Жар айылынын чыга беришиндеги айылдарды кеңейтүү үчүн калтырылган кайрак жер аянты менен алмаштырылып айьлдын генпланына өзгөртүү киргизилсин.

2. Ак-Жар айылынын генпланына өзгөртүү киргизүү жагы шаар куруу боюнча Кыргыз илимий изилдөө институтунун Оштогу бөлүмүнөн, (М.Ш.Асилбеков) суралсын.

 

Жоош айылдык кеңешинин төрагасы

 

А.Утуров