ТоктомКүчүндө

Алай райондук кенешинин 2011-жылдын 20-декабрындагы №16/8 «Алай районунун айылдык округдарынын чек араларын бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция20.12.2012 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

АЛАЙ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Алай райондук Кенешинин II чакырылышынын XVI заседаниеси

 

2011-жылдын 20-декабры №16/8

Алай районунун айылдык округдарынын чек араларын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Републикасынын “Жер кодексинин” 18-беренесинин 3-пунктуна, “Кыргызжердолборлоо” инистутунун райондун айыл округундагы административдик чек араларын тактоо долбоору сунуштаган материалдарга жана райондук мамлекеттик администратциясынын 2011-жылдын 17-декабрдагы айындагы № 369 чу токтомуна ылайык райондук агрардык өнүктүрүү башкармасынын жетекчиси К.Мөнөкбаевдин маалыматынын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуш, пикирлерин эске алып Алай райондук Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Гүлчө, Жошолуу, Ленин, Алай, Жаны-Алай, Талды-Суу, Сары-Таш, Сары-Могол, Корул, Үч-Дөбө айылдык округдарынын чек араларын такталган чек ара сызыктары боюнча бекитилсин.

2. Коңур-Дөбө, Кабылан-Көл, Будалык, Бүлөлү, айылдык округдарынын чек арасын тактоодо келип чыккан талаш-тартыш маселелерге байланыштуу алардын чек арасын тактоо кийинкиге калтырылсын.

3.Сары-Могол айылдык округунун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2004-жылдын 2-июлундагы №1064-II-20 токтому менен бекитилген чек арасы өзгөртүүсүз калтырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө райондук Кенештин айыл чарбасы, жер, жер реформасы, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана райондук Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.

 

Алай райондук кеңешинин төрагасы

 

Т.Сарыбашов