ТоктомКүчүндө

Сары-Колот айылдык кеңешинин 2011-жылдын 15-октябрындагы №1 «Сары-Колот айылдык кеңешинин регламентине толуктоолорду жана өзгөртүүлөргө киргизүү жөнүндө» токтому

Редакция15.10.2011 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сары-Колот айылдык кеңешинин кезексиз (үчүнчү шайланган) V сессиясы

 

2011-жылдын 15-октябры №1

Сары-Колот айылдык кеңешинин регламентине толуктоолорду жана өзгөртүүлөргө киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы «Жергилмктүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» №101; мыйзамына ылайык жана депутаттардын Кара-Суу райондук Кеңешинин 2011-жылдын, 11-авгусундагы №01М2-115 сандуу катын аткаруу максатында жана Сары-Колот айылдык кеңешинин (мыйзамдуулук) туруктуу комиссиясынын каралгандыгын эске алып, күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап депутаттардын Сары-Колот айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сары-Колот айылдык Кеңешинин регламентине төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

Регламенттин текстинде жазылган Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик администрация жөнүндө» Мыйзамы «Жергиликтуу өз алдынча бошкаруу жөнүндө» Мыйзамы деп өзгөртүлүп жазылсын. Сары-Колот айылдык кеңешинин регламента төмөндөгүдөй толукталсын:

2-глава:

2. Алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуунун, ырым-жирымдарды өткөрүүгө тыюу салганга чейинки чектоолоруун аныктоо:

-ирригациялык тармактарды, үйдөгү жана үй жанындагы участкаларды кутуунун тартибин аныктоо:

Регламент 3.1. главасы менен тиркемегё ылайык толукталсын.

Сары-Колот айыдык өкмөтүн жооптуу катчысына (К. Эргешовго) Сары-Колот айылдык кеңешинин регламентин киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен иретке келтирүү жана бул регламетин Юстиция министирлигинин мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош облустук юстиция башкармалыгына берүү жагы жүктөлсүн.

 

Сары-Колот айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

Т. Тагаев

 

Сары-Колот айылдык

кеӊешинин жоопту катчысы

 

Б. Батиров