ТоктомКүчүндө

Алай райондук кенешинин 2012-жылдын 28-мартындагы №19/3 «2011-жылдагы бюджеттин ашыкча кирешелеринин эсебинен бөлүнгөн акча каражаттарынын мекемелерде максаттуу пайдалануунун абалы жөнүндө» токтому

Редакция28.03.2012 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

АЛАЙ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Алай  райондук  кеңешинин  II  чакырылышынын   XIХ   заседаниясы

 

2012-жылдын 28-марты № 19 /3

2011-жылдагы бюджеттин ашыкча кирешелеринин эсебинен бөлүнгөн   акча каражаттарынын мекемелерде максаттуу пайдалануунун абалы  жөнүндө

Алай райондук кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматынын   негизинде  Алай райондук кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Алай районунун 2011-жылы бюджеттин ашыкча аткарылышынын негизинен мекемелерге бөлүштүрүлгөн акча каражаттарынын тиешелүү мекемелерде мыйзамдуу пайдалангандыгы жөнүндөгү бюджет боюнча туруктуу комиссиянын билдирүүсү эске алынсын.

2.    Алай райондук Кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиянын мекемелерге бөлүнгөн кошумча акча каражаттарын мыйзамдуу пайдалануусун көзөмөлгө алгандыгы белгиленсин.

 

Алай райондук

кеңешинин төрагасы

 

Н.М Жеенбеков