Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012 – жылдын 17-февралы №156
Айылдык кеңештин регламентине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Айылдык кеңештин Типтүү Регламенти Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 29-майындагы №99 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” Мыйзамынын негизинде иштелип чыгып, 2008-жылы 20-октябрда райондук кеңештин XXV чакырылыштагы 1 сессиясында кабыл алынган.
2011-жылы 15-июлда № 101 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө”, № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары кабыл алынып, айылдык кеңештин регламентине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү зарылдыгы келип чыккан. Кыргыз Республикасынын жаңы кабыл алынган № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттигинин коллегиясынын 2011-жылдын 12- августундагы № 08/02 токтому менен айылдык кеңештин регламентине өзгөртүү, толуктоо киргизүү боюнча айылдык кеңештин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамы аткарууга жана жетекчиликке алынсын.
2. Айылдык кеңештин 2008-жылдын 20-октябрындагы XXY чакырылыштагы 1 сессиясынын №1 “Айылдык округдун кеңешинин регламенти жөнүндө” токтомуна Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы 3101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө ”Мыйзамына ылайык төмөндөгүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
3. Кызыл-Суу айылдык округдун кеңешинин 2008-жылдын 20-октябрындагы XXY чакырылыштагы 1 сессиясында бекитилген “Айылдык округдун кеңешинин типтүү регламентинин” 2-главасы төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:
Айыл өкмөтүнүн башчысы айыл кеңешинин депутаттары, депутаты тарабынан көрсөтүлүчү,ошондой эле райондук мамалекеттик админстрациясынын башчысы( мындан ары-аким) тарабынан сунушталуучу талапкерлердин ичинен жашыруун добуш берүү жолу менен айыл кеңешинин чакырылыш мөөнөтүнө айыл кеңешинин депутаттары тарабынан шайланат.
4. Кызыл-Суу айылдык кеңеши өз ишмердигине ушул регламенти жетекчиликке алсын.
5. Айылдык кеңештин регламентин юстиция министирилиги тарабынан ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү боюнча иш жүргүзүү айылдык кеңештин юридикалык суроолор боюнча башкы адиси А.Момункуловага тапшырылсын.
6. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы А. Эмчиевага бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялоо жагы тапшырылсын.
7. Бул токтом айыл өкмөтүнүн 2012-жылдын 5-мартындагы № 3 реестрине катталган.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин жооптуу катчысы А.Эмчиевага милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы: | М.Токомбаев
|
| Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылдык кеңешинин 2012-жылдын 17- февралындагы N 156 токтому менен бекитилген.
|
Кызыл-Суу айылдык кеңешинин регламенти
1-Бөлүм. Жалпы жоболор
Кызыл-Суу айылдык Кеңешке караштуу маселелер
2-бөлүм. Айылдык кеңештин ишкердигин уюштуруу жана анын формалары.
Кызыл-Суу айылдык кеңешинин туруктуу комиссиялары
Өз алдынча башкаруу системасынын экономикалык негизи.
1. Кызыл-Суу айылдык Кеңеши өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы жана ал ошол территориядагы жашаган граждандар аркылуу жалпы, тең жана тике жол менен жашыруун добуш берүү менен 4 жылга шайланат.
2. Айылдык Кеңештин төрагасы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысы болот жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын милдетин аткарат.
3. Кеңештин компетенциясына кирген иштерге киришүүгө жогорку турган бийлик органдары жана башкармалыктары укуксуз. Территориялык кызыкчылыктарга тиешеси бар маселелер боюнча айыл Кеңеши сессиянын ишине, туруктуу комиссиялардын кеңешмелерине катышуу үчүн министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн чакырышы мүмкүн.
4. Айыл Кеңешинин орун алган жери:Ысык-Көл областы, Жети-Өгуз району, Кызыл-Суу айылы.
Кызыл-Суу айылдык Кеңешке караштуу маселелер
Кызыл-Суу айылдык кеңешке караштуу негизги маселелерге төмөнкүлөр кирет:
социалдык коргоо, чарбалык, тиричилик, калкты социалдык-маданий тейлөө боюнча иш-чараларды, программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
жергиликтүү коммуникациялардын баардык түрүн, көчөлөрдү, жолдорду, билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелерин кармоону уюштуруу;
жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу боюнча көзөмөл жүргүзүү;
территориядагы курулуштардын генералдык планын, архитектуралык чечимдердин, белгиленген курулуш нормаларынын сакталышын координациялоо жана ишке ашыруу;
Анын компетенциясына кирген башка ар кандай Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык маселелер.
Айылдык кеңештин негизги уюштуруу-укуктук ишинин формасына сессия кирет.
Сессия керек болгондо чакырылат, бирок бир жылда бир жолудан кем болбошу керек.
Айылдык кеңештин сессиясы жалпы айылдык кеңештин депутаттарынын үчтөн эки бөлүгү катышканда өткөзүлүшү мүмкүн.
Сессия өткөрүү мезгилинде айылдык кеңеш депутаттардын ичинен катчыны ачык добушка коюу менен шайлашат. Сессия тарабынан катчыны шайлоо жөнүндөгү токтом кабыл алынат.
Кеңештин чечимдери мыйзамда каралган айрым учурлардан сырткары депутаттардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Кеңештин сессиясы кеңештин төрагасынын, туруктуу комиссиянын жана кеңештин депутаттарынын үчтөн бир бөлүгүнүн демилгеси менен чакырылат.
Айылдык кеңештин сессиясы айкындуулукта өткөзүлөт. Анда эмгек коллективдеринин, коомдук уюмдардын, кыймылдардын, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана граждандары катыша алышат.
Айылдык кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган маселелерди кароого жана чечүүгө укуктуу.
Сессияларда төмөнкү маселелер чечилет:
Кеңештин төрагасын жана анын орун басарларын шайлоо жана анын милдеттеринен бошотуу;
Мандаттык комиссияны жана анын төрагасын шайлоо, депутаттардын полномочиясын таануу, мыйзамга ылайык депутаттардын полномочиесин токтотуу, депутаттардын депутаттык милдеттеринин аткарылышын, кеңештин тапшырмаларынын жана чечимдеринин аткарылышын угуу;
депутаттардын туруктуу жана башка комиссияларын түзүү, алардын курамын шайлоо жана өзгөртүү киргизүү, алардын төрагаларын бекитүү;
Кеңештин алдында коомдук башталыштагы элдик депутаттардан турган административдик, байкоочу, жашы жете электердин жана башка КР мыйзамдарында каралган комиссияларды түзүү;
Кеңеш тарабынан түзүлгөн кеңештин төрагасынын, анын органдарынын отчетторун талкуулоо;
депутаттардын кайрылууларын кароо жана алар боюнча чечим кабыл алуу;
Кеңештин регламентин кабыл алуу;
калкты социалдык жактан коргоо программаларын территориянын социалдык-экономикалык өнүгүү пландарын бекитүү;
бюджетти жана анын аткарылышы боюнча отчетту бекитүү;
административдик-территориялык жайгаштыруу боюнча сунуштар;
кеңештин төрагасынын буйруктарын жокко чыгаруу;
жергиликтүү референдумдарды өткөрүү;
айыл окмотунун башчысын шайлоо.
Кеңештердин ишкердигин уюштурууну камсыздоо, депутаттарга жана туруктуу комиссияларга жардам көрсөтүү, керектүү материалдарды даярдоо үчүн курамында 3-5 адистен турган өзүнүн аппаратын түзүшү мүмкүн.
Айылдык кеңештин чечимдери каралган ага караштуу маселелер боюнча шайланган депутаттардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Айылдык кеңештин төрагасы аны шайлаган кеңешке отчет берет. Ал эми аткаруу - тескөө иштери боюнча райондук мамлекеттик администрацияга баш ийет.
Айылдык кеңештин төрагасы:
Кеңештин сессиясын чакырат жана анын отурумун алып барат, кеңештин чечимдерине кол коет, алардын аткарылышына көзөмөл жүргүзөт;
Кеңештин туруктуу жана башка комиссияларынын, депутаттык группалардын ишкердигин координациялайт;
депутаттардын полномочиелеринин аткарышына, граждандарды кабыл алышына, шайлоочуларга отчет беришине маалыматтар менен камсыздоодо көмөк көрсөтөт, депутаттардын укугу жана милдеттери менен байланышкан маселелерди карайт, алар боюнча кеңештин кароосуна сунуштарды даярдайт;
кеңештин жана анын органдарынын иши боюнча коомдук пикирлердин эсебин жана айкындуулукту камсыздайт;
мамлекеттик органдар, коомдук бирикмелер жана граждандар алдында кеңештин өкүлү болот;
территориялык коомдук өз алдынча башкаруу органдары менен кеңештин өз ара байланышын уюштурат, тиешелүү территориядагы граждандардын мыйзам чегиндеги кызыкчылыктары, эркиндиги, укуктары бузулган территориялык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын актыларынын аткарылышын сот чечими чыкканга чейин токтотуп турат;
Кеңешке жөнөтүлгөн граждандардын кайрылууларын, арыздарын карайт;
Кеңешке Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жана ардактуу наамдарды берүү боюнча сунуштарды киргизет;
өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча буйрук чыгарат;
өзүнүн ишкердиги боюнча кеңеш алдында жылына бир жолудан кем болбогон отчет берет.
Айылдык кеңештин төрагасы тиешелүү территорияда аткаруу-тескөө функцияларын аткарат, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардай полномочиеге ээ, жана дагы:
мыйзамда белгиленген граждандарга справкаларды, жекелик аныктамаларын, үй-бүлөлүк жана турмуш абалы жана башка маанидеги документтерди берет;
жергиликтүү кеңештин регламентинин жана белгиленген Кыргыз Республикасынын мыйзам актылары боюнча башка аракеттерди жүргүзөт.
Айылдык кеңештин төрагасы тиешелүү кеңештин, же райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын сунушу менен кеңештин сессиясында жашыруун добуш берүү аркылуу, эгерде шайланган депутаттардын үчтөн экиси добуш берсе өз кызматынан бошотулушу мүмкүн;
Кеңештин төрагасы өзүнүн полномочиелерин мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча билдирүүгө укуктуу. Мындай учурда чечим шайланган кеңештин депутаттарынын ачык, жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Кеңештин төрагасынын орун басары депутаттардын ичинен төраганын сунушу боюнча сессияда кеңештин полномочиесинин мөөнөтүнө шайланат.
Кеңештин төрагасынын орун басары коомдук башталышта кеңештин төрагасынын тапшырмаларын жана ал жокто анын милдеттерин аткарат.
Жергиликтүү кеңештердин элдик депутаттарынын туруктуу комиссиялары:
кеңеште каралуучу территориянын экономикалык, социалдык жана улуттук-маданий өнүгүү маселелерин даярдоого катышат;
Кеңешке жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин бекемдөө, территориянын өндүрүштүк жана социалдык маданий структурасын өнүктүрүү боюнча сунуштарды киргизет;
алдын ала территориянын жана бюджеттин экономикалык өнүгүү план долбоорлорун, бюджеттин жана пландардын аткарылышы отчетторун карайт, өз сын-сунушун билдирет, керек болгондо кеңешке сунуш кылат;
жергиликтүү кеңештин регламентинин жана белгиленген Кыргыз Республикасынын мыйзам актылары боюнча башка полномочиелерди жүргүзөт.
Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары, ага караштуу маселелер боюнча тиешелүү территорияда жайланышкан мекеме, уюм, ишкана, жергиликтүү мамадминистрациялардын органдарынын адистеринин жана жетекчилерин угушу мүмкүн.
Жергиликтүү кеңештердин туруктуу комиссияларынын отурумдары комиссиянын иш-планы боюнча чакырылат.
Туруктуу комиссиялардын отурумдарында кеңеш берүү добушу менен ушул комиссияга мүчө болбогон башка айылдык кеңештин депутаттары катышышы мүмкүн.
Бир нече туруктуу комиссияларга тиешелүү болгон маселелер, комиссиялардын демилгеси жана айылдык кеңештин тапшырмасы боюнча биргеликте даярдалышы жана каралышы мүмкүн.
Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү бирдей укукутарга ээ.
Кызыл-Суу айылдык кеңешинин туруктуу комиссиялары
Кеңештин туруктуу комиссиялары кеңешке караштуу маселелерди даярдоо жана алдын ала кароо, ошондой эле алардын аткарылышын көзөмөлдөө территориядагы жайланышкан мекеме, уюм, ишканалардын мыйзамдарды сактоосун көзөмөлдөө үчүн түзүлөт. Кеңеш аркылуу убактылуу комиссиялар жана башка органдар түзүлүшү мүмкүн.
Комиссиялардын аталышын, сандык курамын шайланыш тартибин кеңеш аныктайт. Алардын полномочиелеринин бүтүшү менен, керек болгон учурда кеңеш жаны туруктуу комиссияларды түзүшү, өзгөртүп түзүшү, жоюшу, курамына өзгөртүүлөрдү киргизиши мүмкүн.
Туруктуу комиссиялар тиешелүү кеңештердин элдик депутаттарынын ичинен түзүлөт. Туруктуу комиссиялардын курамына кеңештин төрагасы жана анын орун басары шайлана албайт.
Туруктуу комиссиялар төраганы, орун басарларды жана катчыны шайлашат. Комиссиялар тарабынан, алардын негизги иш багыттары боюнча комиссия алдындагы комиссиялар түзүлүшү мүмкүн.
Депутат кеңештин бир гана туруктуу комиссиясына мүчө боло алат. Туруктуу комиссиянын жана кеңештин төрагасынын сунушу менен тиешелүү кеңеш туруктуу комиссиянын курамына өзгөртүү киргизе алат.
Комиссиянын мүчөсүнүн полномочиелери анын өтүнүчү боюнча жана өз милдеттерин аткара албай калган учурларда мөөнөтүнөн мурда кеңеш тарабынан токтотулушу мүмкүн.
Туруктуу комиссиялардын укук жана милдеттери, ишкердигин уюштуруу тартиптери Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын негизинде аныкталат.
Кеңештин туруктуу комиссиялары окумуштууларды, адистерди, практикалык кызматкерлерди жана башка адамдарды өз ишинде пайдаланышы мүмкүн.
Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары чечимдерди кабыл алат.
Кеңештин экономикалык негиздерин жаратылыш ресуртары (жер, анын байлыктары, суу, токой, өсүмдүк жана жаныбарлар дүйнөсү) жана территорияда жайланышкан менчигине карабай бардык ишкана уюмдар түзөт.
Айылдык кеңеш:
жергиликтүү мамадминистрациянын, жергиликтүү кеңештин, территорияда жашаган граждандардын мыйзамдуу кызыкчылыктарынын, укуктарынын бузулушу боюнча мекеме, уюм, ишкана, коомдук бирикмелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик башкаруу органдарынын актыларын жокко чыгаруу боюнча соттон талап кыла алат.
- экологиялык катастрофа, стихия, эпидемия, эпизоот, өрт жана коомдук тартип бузуу учурларында граждандардын, менчиктин бардык түрлөрүнүн коопсуздугун камсыздоо, алардын укуктарын, мыйзамдык кызыкчылыктарын жана укуктук тартипти коргоо боюнча чараларды көрөт.
Айылдык кеңешти жоюу жана өзгөртүп түзүү Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарынын негизинде жүргүзүлөт.