ТоктомКүчүндө

Катта-Талдык айылдык кеңешинин 2012-жылдын 26-апрели № 18/2 «Катта-Талдык айылдык округундагы элдик пункттарга караштуу жерлерди эффективдуу пайдалануу жана жеке турак жай салуучу жарандарга жер участокторун берүүнү жөнгө салуу комиссиясы жөнүндө» токтому

Редакция26.04.2012 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Катта-Талдык айылдык кеңешинин (IV-чакырылышынын) XVIII сессиясынын

 

2012-жылдын 26-апрели № 18/2

Катта-Талдык айылдык округундагы элдик пункттарга караштуу жерлерди эффективдуу пайдалануу жана жеке турак жай салуучу жарандарга жер участокторун берүүнү жөнгө салуу комиссиясы жөнүндө

Катта-Талдык айыл округундагы  элдик пункттарга караштуу жерлерди эффективдуу пайдалануу жана жеке турак жай салуучу жарандарга жер участокторун берүүнү жөнгө салуу, Ката-Талдык айылдык округунун 2-ноябрь 2011-жылдагы № 293 токтомун бекитүү максатында депутаттардын Катта-Талдык айылдык кеңеши төмөндөгүдөй токтом кылат

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1 Катта-Талдык айылдык округунун элдуу пункттарына караштуу жерлерди эффективдуу пайдалануу, жеке турак жай салууну жөнгө салуу максатында төмөндөгүдөй курамда түзүлгөн комиссия бекитилсин:

1. Жантороев К.- комиссиянын төрагасы, айылдык округдун башчысы

2. Сайдаматов Б.- катчысы, жер адиси

3. Борбоев М. – мүчөсү, жер адиси

4. Казакова У. – мүчөсү, айылдык кеңештин депутаты

5. Даткаев К. – мүчөсү, жооптуу катчысы

6. Асанов Н. – мүчөсү, айылдык кеңештин депутаты

7. Казыев А.- мүчөсү,Баш-Булак айылынын айыл башчысы

 

Депутаттардын Катта-Талдык

айылдык кеңештин төрагасы

 

А.Акаев