Загрузка документа…
НАРИМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылды 16-январы №26/1
Нариман айыл өкмөтүнүн аймагында жер салыгын жана 1,2,3-группадагы мүлк салыгын колдонууга киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын Кара-Суу району боюнча башкармалыгынын 10.01.2012-жылдагы № 10/27 катынын негизинде Нариман айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп, талкуулап, өз сунуштарын бергенден кийин Нариман айылдык Кеңеши
ТОКТОМКЫЛАТ:
1.Нариман айыл өкмөтүнүн аймагында жер салыгы жана 1,2,3-группа мүлк салыгы Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 13-14-разделдеринин статьяларына ылайык иш жүзүндө колдонууга киргизилсин.
2.Киргизилген жергиликтүү салыктардын төлөө мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Салык Кодексынын 322,332,342,352,355,385-статьяларынын негизинде бекитилсин.
3.Киргизилген жергиликтүү салыктар боюнча берилүүчү жеңилдиктер Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 330,343,344-статьяларынын негизинде бекитилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Нариман айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиясына жана Нариман айыл өкмөтүнүн киреше бөлүмүнүн башчысы А Бурибаевке, салык инспекторлоруна жана айыл башчыларына тапшырылсын.
Нариман айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Исаков |