ТоктомКүчүндө

Нариман айылдык кеңешинин 2012-жылды 16-январындагы №26/1»Нариман айыл өкмөтүнүн аймагында жер салыгын жана 1,2,3-группадагы мүлк салыгын колдонууга киргизүү жөнүндө» токтому

Редакция16.01.2012 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

НАРИМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Нариман айылдык кеңешинин кезексиз XXXII сессиясы (төртүнчү шайланган)

 

2012-жылды 16-январы №26/1

Нариман айыл өкмөтүнүн аймагында жер салыгын жана 1,2,3-группадагы мүлк салыгын колдонууга киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын Кара-Суу району боюнча башкармалыгынын 10.01.2012-жылдагы № 10/27 катынын негизинде Нариман айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп, талкуулап, өз сунуштарын бергенден кийин Нариман айылдык Кеңеши

ТОКТОМКЫЛАТ:

1.Нариман айыл өкмөтүнүн аймагында жер салыгы жана 1,2,3-группа мүлк салыгы Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 13-14-разделдеринин статьяларына ылайык иш жүзүндө колдонууга киргизилсин.

2.Киргизилген жергиликтүү салыктардын төлөө мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Салык Кодексынын 322,332,342,352,355,385-статьяларынын негизинде бекитилсин.

3.Киргизилген жергиликтүү салыктар боюнча берилүүчү жеңилдиктер Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 330,343,344-статьяларынын негизинде бекитилсин.

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Нариман айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиясына жана Нариман айыл өкмөтүнүн киреше бөлүмүнүн башчысы А Бурибаевке, салык инспекторлоруна жана айыл башчыларына тапшырылсын.

 

Нариман айылдык  

кеңешинин төрагасы

 

К. Исаков