Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 27-апрели №22/5
Депутаттардын Кара-Кулжа райондук кеңешинин жана анын туруктуу комиссияларынын 2012-жылга карата түзүлгөн перспективдүү иш пландары жөнүндө
Депутаттардын Кара-Кулжа райондук кеңешинин Регламентинин 7-главасынын 7.3. 7.4-пункттарына ылайык депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин жана анын туруктуу комиссияларынын 2012-жылга карата түзүгөн перспективдүү иш пландары бекитилсин (иш план №1, №2, №3, №4, №5-тиркемелерде тиркелет).
2. Бекитилген иш планды жетекчиликке алуу анын аткарылышын камсыз кылуу жагы депутаттардын райондук Кеңешинин аппаратына жана туруктуу компссияларынын төрагаларына тапшырылсын
Кара-Кулжа райондук кенешинин төрагасы | А. Ыдырысов |
| Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин кезектеги он үчүнчү сессиясынын жыйналышынын (IV шайланган) 2011-жылдын 4-мартындагы №13\4-токтому менен бекитилген №1-Тиркеме |
Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин жана анын туруктуу комиссияларынын 2011-жылга карата түзүлгөн перспективдүү
ИШ ПЛАНЫ
I. Депутаттардын райондук кеңешинин сессиясынын жыйналыштарында каралуучу маселелер:
Депутаттардын райондук Кеңешинин кезектеги он төртүнчү сессиясынын жыйналышында каралуучу маселелер:
1. Кыргыз Республикасынын салык кодексинин талаптарына ылайык райондук салыктар жана жыйымдар башкармалыгынын райондун аймагындагы салык жыйноо боюнча жүргүзүп жаткан уюштуруучулук иштеринин абалы жөнүндө.
2011-жылдын апрель айында
Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин социаддык маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, коммуналдык жана муниципалдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясы, райондук Кеңештин аппараты.
Депутаттардын райондук Кеңешинин кезектеги он бешинчи сессиясынын жыйналышында каралуучу маселелер:
1. Кара-Кулжа районүнүн 2011-жылга бекитилген бюджетинин 2011-жылдын 1-жарым жылдыгында аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө.
2011-жылдын июль айында
Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин социаддык маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, коммуналдык жана муниципалдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясы, райондук финансы бөлүмү, райондук Кеңештин аппараты.
2. «Райондун аймагындагы жолдорду пайдалануүнү жана жол курулуш иштерин жөнгө салууда №26-жол эксплуатациялоо ишканасынын жүргүзүп жаткан жетекчилик уюштуруу иштеринин абалы жөнүндөгу» 2006-жылдын 29-июлундагы №3/2-токтомүнүн аткарылышынын абалы жөнүндө.
2011-жылдын июлю айында
Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин транспорт, энергетика боюнча туруктуу комиссиясы, райондук Кеңештин аппараты.
Депутаттардын райондук Кеңешинин кезектеги он алтынчы сессиясынын жыйналышында каралуучу маселелер:
1. Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин «Райондун калкын электр энергиясы менен үзгүлтүксүз тейлеп камсыз кылууда Кара-Кулжа райондук электр тармактар ишканасынын жүргүзүп жаткан иштери боюнча ишкананын жетекчисинин отчету жөнүндөгу» 2007-жылдын 22-сентябрындагы №7\5-токтомүнүн аткарылышынын абалы жөнүндө.
2011-жылдын октябрь айында Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин транспорт, электр энергиясы боюнча туруктуу комиссиясы, райондук Кеңештин аппараты.
өз аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондүнүн жерлерин, жайыттарды иштетүүдө Кара-Гүз айылдык округүнүн башчысы О.Доороновдун отчету.
2011-жылдын октябрь айында Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин агрардык, жер жана жер ресурстары боюнча туруктуу комиссиясы, райондук Кеңештин аппараты. Депутаттардын райондук Кеңешинин кезектеги он жетинчи сессиясынын жыйналышында каралуучу маселелер:
1. Кара-Кулжа районүнүн 2011-жылдагы бекитилген бюджетинин аткарылышы жана 2012-жылга карата бекитилген райондун бюджетине айрым өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө.
2011-жылдын декабрь айында Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин социаддык маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, коммуналдык жана муниципалдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясы, райондук финансы бөлүмү, райондук Кеңештин аппараты.
2. Кара-Кулжа районүнүн 2011-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы жана райондун 2012-жылга социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнүн болжолдуу планы жөнүндө.
2011-жылдын декабрь айында Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин социаддык маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, коммуналдык жана муниципалдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясы, Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү министрлигинин Кара-Кулжа районундагы окулу, райондун мамлекеттик администрациясы, райондук Кеңештин аппараты.
3. Райондун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким С.Баимбетовдун райондун аймагында жүргүзүп жаткан иштеринин абалы боюнча маалыматы.
2011-жылдын декабрь айында Райондук мамлекеттик администрациянын аппараты
Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин төрагасы К.Алиязовдун райондук Кеңештин жүргүзүп жаткан иштери боюнча отчету.
2011-жылдын декабрь айында райондук Кеңештин аппараты.
II. Райондук Кеңештин депутаттарынын катышуусунда райондук активдин жыйынына томонку маселе сүнүш кылынат:
1. Учурдагы мыйзамдуулук, каада-салт, ыймандуулук, кылмыштуулуктун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү, динге карата мамиле боюнча райондук мамлекеттик администрация менен биргелешип, райондун активин өткөрүү.
2011-жылдын ичинде (макулдашуу боюнча) Райондук мамлекеттик администрациянын аппараты менен бирдикте,райондук, Кеңештин аппараты
III. Уюштуруучулук иштер:
Райондук Кеңештин алдындагы туруктуу комиссиялардын иш пландарына ылайык алардын жыйналыштарын өткөрүүгө, протоколдорүнүн,чечимдеринин туура жазылышына жардамдашуу, бул маселелердин өз убагында аткарылышына жетишүү.
Ар дайым Райондук Кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагалары, райондук Кеңештин аппараты
2. Айылдык округдардын Кеңештеринин иштери менен таанышып, аларга практикалык жардамдарды берүү, кемчилдиктерин четтетүү боюнча иштерди жүргүзүү.
Ар дайым Райондук Кеңештин аппараты
3. Райондук Кеңештин депутаттарынын айылдык кеңештер боюнча шайлоочулар менен отчетторун уюштуруу, ар бир депутатка райондун социалдык-экономикалык жактан өнгүшү боюнча жана райондук Кеңештин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө кыскача билдируүнүн текстин даярдап берүү.
2011-жылдын январь айы, Айылдык округдардын жана райондук Кеңештин аппараты
4. Райондук Кеңештин депутаттары менен алардын шайлоочуларынын жолугушуусунда түшкөн сын-сүнүштарды жалпылап, иш чара түзүп аны райондук Кеңештин төрагасынын жана райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын кароосуна сүнүш кылуу.
2011-жылдын февраль айы Райондук Кеңештин аппараты
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарынан, буйруктарынан, чыгып сүйлөгөн сөздөрүнөн, кайрылууларынан келип чыккан маселелер боюнча айылдык округдук Кеңештерге, айылдык округдарга, өз алдынча башкаруу жамааттарына, коомдук уюмдарга усулдук жана практикалык жактан жардамдарды көрсөтүү.
2011-жылы, ар дайым Райондук Кеңештин аппараты
6. Жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарынын иш тажрыйбаларын жайылтуу боюнча базалык айылдык округдук Кеңештерди, айылдык округдарды аныктоо, алардын ишин жакшыртуу боюнча үзгүлтүксүз иш алып баруу, практикалык жардамдарды берүү, даярдык өз денгээлине жеткенде ал жерде райондук семинар-Кеңешиме өткөрүү.
2011-жылдын август айылда Райондук Кеңештин аппараты
7. Кыргыз Республикасынын жаны редакциядагы Конституциясынын, «Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндөгу» Кодекстин жана «Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгу», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгу», «Муниципалдык кызмат жөнүндөгу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын талаптарына ылайык райондук, айылдык округдук Кеңештердин депутаттарынын, муниципалдык кызматкерлердин жоопкерчиликтерин көзөмөлдөө.
Ар дайым Райондук Кеңештин аппараты
IV. Жергиликтүү Кеңештердин депутаттары, айылдык округдардын аппаратындагы кызматкерлери менен семинар-Кеңешме, окууларды уюштуруүнү көзөмөлгө алуу, планын түзүүгө жардамдашуу
1. Айылдык округдук Кеңештердин жооптуу катчылары менен кагаз иштерин алып баруу жана кызматкерлерге жумуш орундарын түзүү боюнча Сарыбулак, Алайку Кызылжар айылдык Кеңештеринин базасында семинар-Кеңешиме өткөрүү.
2011-жылдын июнь айында Райондук Кеңештин аппараты (раймамадминистрация менен бирдикте)
2. Райондук,айылдык округдарга, Кеңештердин депутаттары менен мыйзамдарды жана Жарлыктарды таанышып үйрөнүү боюнча окууларды уюштуруу. (ар дайым планга ылайык)
2011-жыл бою Райондук Кеңештин, айылдык округдардын аппараты
V. Коомдук өз алдынча башкаруу органдары менен иш алып баруу
1. Айылдык округдук Кеңештердин үй,көчө,кварталдык комитеттеринин,аксакалдар сотторүнүн, коомдук тартипти сактоо кошундарынын, каада-салт комиссияларынын, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин көзөмөлдөө, аларга усулдук, практикалык жардамдарды берүү.
2011-жыл ичинде Райондук Кеңештин, айылдык округдардын аппараты
2. Айылдык округдук Кеңештердин, коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын натыйжалуу иш тажрыйбаларын жалпылап, райондун аймагында алардын тажрыйбаларын жайылтуу.
2011-жыл ичинде Райондук Кеңештин, раймамадминистрациянын, айылдык
округдардын аппараты менен биргеликте райоондук Кеңештин аппараты
VI. Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттигинин Жарлыктарынын, токтомдорүнүн, чечимдеринин, буйруктарынын, каттарынын, тапшырмаларынын аткарылышын көзөмөлдүккө алуу
1. Жогорку органдардан келген иш кагаздарынын аткарылышын көзөмөлдөө, өз убагында ишке ашырылышын камсыз кылуу.
Ар дайым Райондук Кеңештин аппараты
2. Депутаттарынын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин кабыл алган токтомдорүнүн, чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө.
Ар дайым Райондук Кеңештин аппараты
3. Кара-Кулжа райондук Кеңешинин 2008-2011-жылдарда өткөрүлгөн жыйналыштарында депутаттар жана жыйналышка чакырылган жолдоштор тарабынан айтылган сын-сүнүштардын аткарылышын көзөмөлдөө, аткарылгандыгы тууралуу билдируу даярдап райондук Кеңештин жыйналышынын кароосуна сүнүш кылып туруу.
Ар дайым Райондук Кеңештин аппараты
VII. Алдынкы айылдык округдук Кеңештердин иш тажрыйбаларын жайылтуу
1. Райондук Кеңештин туруктуу комиссияларынын, депутаттарынын, айылдык округдук Кеңештердин иш тажрыйбаларын райондук гезит, радио аркылуу элге жеткирүү, айылдык округдук Кеңештердин андан пайдалануусуна шарт түзүү.
2011 -жыл ичинде Райондук Кеңештин аппараты
2. Райондук «Мезгил үнү» гезитине «Депутаттын үнү» рубрикасын уюштуруу
2011-жыл ичинде Райондук Кеңештин аппараты жана райондук «Мезгил үнү» гезитинин редакциясы
VIII. Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин алдында түзүлгөн туруктуу комиссиялардын, райондук Кеңештин аппаратынын туруктуу көзөмөлүндө боло турган маселелер:
1. Райондун аймагында, Кара-Кулжа айылында жана райондук мамлекеттик администрация, райондук Кеңеш жайгашкан имараттын айланасында көчөлөрдү иретке келтирүү, жолдорду жамоо, жарыктандыруу, жашылдандыруу, иштерине комок көрсөтүү.
2. Кара-Кулжа айылындагы жана райондун аймагындагы калктуу пункттардагы калктын таза суу менен камсыз бөлүүсүнүн абалы жөнүндө анализдерди жүргүзүп, анын негизинде иш-аракеттерди алып баруу.
3. Кара-Кулжа айылындагы «Коммунальщик» акционердик коомүнүн аткарган иштерине көзөмөл жүргүзүү.
4. Салык өндүрүү боюнча иштерди жөнгө салуу боюнча райондук салыктар жана жыйымдар башкармалыгы менен кызматташып туруу.
5. АРИС программасынын негизинде жана «Ага Хан» фонду тарабынан айылдык округдар боюнча аткарылган иштерди (МПГ боюнча) анализдеп туруу.
6. Райондун тургундарына ОМС (медициналык карта) берүү боюнча райондук социаддык фонддун жүргүзүп жаткан иштери менен кабардар болуп туруу.
7. 2010-жылдагы жургузулгөн иштердин жыйынтыктары жана 2011-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдүу жана толуктоолорду киргизуу боюнча график тузуп, айылдык округдук Кеңештердин сессияларынын өткөрүлүшүн көзөмөл кылуу.
8. Райондук Кеңештин токтомдорүнүн, чечимдеринин, иш чараларынын аткарылышын көзөмөлдөө.
9. Райондун аймагындагы айылдарга жол каттамдарын камсыз кылууда № 26-жол эксплуатациялоо ишканасынын жүргүзүп жаткан иштерин анализдеп туруу.
10. Калкты паспорт менен камсыз кылууда райондук паспорт-виза кызматынын жүргүзүп жаткан иштери боюнча маалымат алып туруу.
11. Эдди тейлеген автомашиналардан (таксилерден) шагыл, топурак ташыган жүк ташуучу транспорттордон патент алуу боюнча иштерди жөнгө салуүнүн абалын анализдеп көрүү (салык инспекциясы жана айылдык округ менен бирдикте).
12. Билим, тарбия берүү маселелеринин жүргүзүп жаткан иштерин анализдеп туруу.
Кара-Куллжа райондук кеңешинин жооптуу катчысы |
К. Абдыразаков |
| Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин кезектеги он үчүнчү сессиясынын жыйналышынын (IV шайланган) 2011-жылдын 4-мартындагы №13\4-токтому менен бекитилген. №2-Тиркеме
|
Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, мандат, Кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын жана саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын 2011-жылга карата түзүлгөн
ИШ ПЛАНЫ
I. Туруктуу комиссиянын жыйналыштарына даярдалып, каралуучу маселелер:
1. Кыргыз Республикасынын «Аксакалдар соттору жөнүндөгү» мыйзамынын талаптарына ылайык Кашка-Жол айылдык округүнүн аймагындагы аксакалдар сотторүнүн жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө.
2011-жылдын апрель айы Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү жана тиешелүү кызмат адамдары
2. Учурдагы мыйзамдардын талаптарына ылайык райондук мамлекеттик каттоо мекемесинин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө аталган мекеменин жетекчиси Э. Абдыраевдин отчету.
2011-жылдын июль айы Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү жана тиешелүү кызмат адамдары
3. «Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгу» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарына ылайык райондук Кеңештин депутаты Ж.Курманалиевдин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө.
2011-жылдын октябрь айы Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү жана тиешелүү кызмат адамдары
4. Чалма айылдык округүнүн аймагындагы айылдык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын (АКОБ) жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө.
2011-жылдын октябрь айы Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү жана тиешелуу кызмат адамдары
5. Кара-Кулжа районүнүн 2011-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы жана райондун 2012-жылга карата социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнүн болжолдуу планы жөнүндө.
2011-жылдын декабрь айы Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү жана тиешелуу кызмат адамдары
Айрым зарыл маселелерди депутаттар туруктуу комиссиянын жыйналыштарында кезексиз кароону сүнүш кылып, талкуулап, тиешелуу чечимдерди кабыл ала алышат.
II. Райондук Кенеш, анын туруктуу комиссиясы сүнүш кылган бардык тиешелуу уюштуруу иштерине туруктуу комиссиянын курамындагы бардык депутаттар ар дайым катышышат.
Кара-Кулжа райондук кеңешинин жооптуу катчысы |
К. Абдыразаков |
| Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин кезектеги он үчүнчү сессиясынын жыйналышынын (IV шайланган) 2011-жылдын 4-мартындагы №13\4-токтому менен бекитилген №З-Тиркеме
|
Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык жана муниципалдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 2010-жылга карата түзүлгөн
ИШ ПЛАНЫ
I .Туруктуу комиссиянын жыйналышына даярдалып, каралуучу маселелер:
1. Кыргыз Республикасынын салык кодексинин талаптарына ылайык райондук салыктар жана жыйымдар башкармалыгынын райондун аймагындагы салык жыйноо боюнча жүргүзүп жаткан уюштуруучулук иштеринин абалы жөнүндө.
2011-жылдын апрель айы Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү жана тиешелуу кызмат адамдары
2. Муниципалдык менчик обьектилери, маалымдуулук багытында иштерди алып барууда Кара-Кулжа айылдык округүнүн жетекчисинин жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө.
2011-жылдын июль айы Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү жана тиешелуу кызмат адамдары
3. Кара-Кулжа районүнүн 2011-жылга бекитилген бюджетинин 2011-жылдын 1-жарым жылдыгында аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө.
2011-жылдын июль айы Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү жана тиешелүү кызмат адамдары
4. Райондун аймагындагы дене тарбия, спорт иштеринин массалуулугүнүн көтөрүүдө райондук спорт, дене тарбия комитетинин торагасы М.Кадырбековдун жүргүзүп жаткан иштери боюнча отчету.
2011-жылдын октябрь айы Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү жана тиешелүү кызмат адамдары
5. Кара-Кулжа районүнүн 2011-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2012-жылга карата райондун бюджетине өзгөртүүлөрдүу жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө.
2011-жылдын декабрь айы Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү жана тиешелуу кызмат адамдары
6. Каракулжа районүнүн 2011-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы жана райондун 2012-жылга социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнүн болжолдуу планы жөнүндө .
2011-жылдын декабрь айы Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү жана тиешелуу кызмат адамдары
Айрым зарыл маселелерди депутаттар туруктуу комиссиянын жыйналышында кезексиз кароону сүнүш кылып, талкуулап чечим кабьл ала алышат.
II. Райондук Кенеш, анын туруктуу комиссиясы сүнүш кылган бардык тиешелуу уюштуруу иштерине туруктуу комиссиянын курамындагы бардык депутаттар ар дайым катышышат.
Кара-Кулжа райондук кеңешинин жооптуу катчысы |
К. Абдыразаков |
| Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин кезектеги он үчүнчү сессиясынын жыйналышынын (IV шайланган) 2011-жылдын 4-мартындагы №13\4-токтому менен бекитилген №4-Тиркеме
|
Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин курулуш, транспорт, өнөр жай, соода, ишкердүүлүк, байланыш, инвестиция, энергетика, кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясынын 2011-жылга карата түзүлгөн
ИШ ПЛАНЫ
I .Туруктуу комиссиянын жыйналыштарына даярдалып, каралуучу маселелер:
Сырткы жана ички инвестицияларды тартып аймакты социалдык-экономикалык жактан көтөрүүдө Капчыгай айылдык округдардын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө.
2011-жылдын апрель айы Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү жана тиешелуу кызмат адамдары
2. «Райондун аймагындагы жолдорду пайдалану жана жол курулуш иштерин жөнгө салууда №26-жол эксплуатациялоо ишканасынын жүргүзүп жаткан жетекчилик уюштуруу иштеринин абалы жөнүндөгу» 2006-жылдын 29-июлундагы №3\2-токтомүнүн аткарылышынын абалы жөнүндө.
2011-жылдын июль айы Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү жана тиешелуу кызмат адамдары
3. Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин «Райондун калкын электр энергиясы менен үзгүлтүксүз тейлеп камсыз кылууда Кара-Кулжа райондук электр тармактар ишканасынын жүргүзүп жаткан иштери боюнча ишкананын жетекчисинин отчету жөнүндөгу» 2007-жылдын 22-сентябрындагы №7\5-токтомүнүн аткарылышынын абалы жөнүндө.
2011-жылдын октябрь айы Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү жана тиешелуу кызмат адамдары
4. Кара-Кулжа районүнүн 2011-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы жана райондун 2012-жылга социалдык-экономикалык жактан өнүгүлүнүн болжолдуу планы жөнүндө .
2011-жылдын декабрь айы Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү жана тиешелуу кызмат адамдары
Айрым зарыл маселелерди депутаттар туруктуу комиссиянын жыйналышында кезексиз кароону сүнүш кылып, талкуулап чечим кабыл ала алышат.
II. Райондук Кенеш, анын туруктуу комиссиясы сүнүш кылган бардык тиешелуу уюштуруу иштерине туруктуу комиссиянын курамындагы бардык депутаттар ар дайым катышышат
Кара-Кулжа райондук кеңешинин жооптуу катчысы |
К. Абдыразаков |
| Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кенешинин кезектеги он үчүнчү сессиясынын жыйналышынын (IV шайланган) 2011-жылдын 4-мартындагы №13\4- токтому менен бекитилген. №5-Тиркеме
|
Депутаттардын Кара-Кулжа райондук агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын 2010-жылга карата түзүлгөн
ИШ ПЛАНЫ
I. Туруктуу комиссиянын жыйналыштарына даярдалып, каралуучу маселелер:
Учурдагы мыйзамдардын талаптарына ылайык райондук суу чарба башкармасынын жургузуп жаткан иштери жөнүндө
2011-жылдын апрель айы Туруктуу комиссиянын мүчөлөрдү жана тиешелуу кызмат адамдары
2. Райондун калкын ветеринардык жактан тейлөөдө райондук ветеринардык башкарманын, райондук ветеринардык лабораториянын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө.
2011-жылдын июль айы Туруктуу комиссиянын мүчөлөрдү жана тиешелүү кызмат адамдары
3. Райондун аймагындагы экология маселелеринин абалы жөнүндө.
2011-жылдын октябрь айы Туруктуу комиссиянын мүчөлөрдү жана тиешелүү кызмат адамдары
4. Өз аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин, жайыттарды иштетүүдө Кара-Гүз айылдык округунун башчысы О.Доороновдун отчету.
2011-жылдын октябрь айы Туруктуу комиссиянын мүчөлөрдү жана тиешелуу кызмат адамдары
5. Кара-Кулжа районунун 2011-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы жана райондун 2012-жылга социалдык-экономикалык жактан онугушунун болжолдуу планы жөнүндө.
2011-жылдын декабрь айы Туруктуу комиссиянын мүчөлөрдү жана тиешелуу кызмат адамдары
Айрым зарыл маселелерди депутаттар туруктуу комиссиянын жыйналышында кезексиз кароону сунуш кылып, талкуулап чечим кабыл ала алышат.
II. Райондук Кеңеш, анын туруктуу комиссиясы сунуш кылган бардык тиешелүү уюштуруу иштерине туруктуу комиссиянын курамындагы бардык депутаттар ар дайым катышышат.
Кара-Кулжа райондук кеңешинин жооптуу катчысы |
К. Абдыразаков
|