Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 13-февралы №20/9
А.Турдиевди жана Ы.Мамытовду Депутаттардын Кара-Суу шаардык кеңешинин ардак грамотасы жана акчалап сыйлык менен сыйлоо жөнүндө
Кара-Суу шаарынын билим берүү тармагындагы үзүрлүү мгеги үчүн жана Кара-Суу шаарынын маданиятынын өнүгүүсүнө кошкон салымын, Кара-Суу шаарынын гимининин автордугун эске алып, ошондой эле 2011 -жылдын 15-июлундагы Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 37-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу шаарынын Манас орто мектебинин директору Турдиев Абакир жана Б. Мадазимов атындагы балдар музыкалык мектебинин окуу иштери боюнча директордун орун басары Ма матов Ырысбек депутаттардын Кара-Суу шаардык кеңешинин Ардак Грамотасы жана 10,4 (он мин төрт жүз.) сом акчалап сыйлыктар менен сыйланышсын.
2. Кара-Суу шаарынын мэри А. К. Рахимовго, финансы-экономика бөлүмүнө (С. А. Ботояров) сыйлыктарга кетүүчү чыгымдарды камсыз кылуу жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Суу шаарынын мэриясына жүктөлсүн.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Ю. Алиев |