ТоктомКүчүндө

Кара-Суу шаардык кеңешинин 2012-жылдын 13-февралынын №20/9 ''А.Турдиевди жана Ы.Мамытовду Депутаттардын Кара-Суу шаардык кеңешинин ардак грамотасы жана акчалап сыйлык менен сыйлоо жөнүндө» токтом

Редакция13.02.2012 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Кара-Суу шаардык кеңешинин (IV чакырылышынын) XX сессиясынын заседаниеси

 

2012-жылдын 13-февралы №20/9

А.Турдиевди жана Ы.Мамытовду Депутаттардын Кара-Суу шаардык кеңешинин ардак грамотасы жана акчалап сыйлык менен сыйлоо жөнүндө

Кара-Суу шаарынын билим берүү тармагындагы үзүрлүү мгеги үчүн жана Кара-Суу шаарынын маданиятынын өнүгүүсүнө кошкон салымын, Кара-Суу шаарынын гимининин автордугун эске алып, ошондой эле 2011 -жылдын 15-июлундагы Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 37-беренесине ылайык

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу шаарынын Манас орто мектебинин директору Турдиев Абакир жана Б. Мадазимов атындагы балдар музыкалык мектебинин окуу иштери боюнча директордун орун басары Ма матов Ырысбек депутаттардын Кара-Суу шаардык кеңешинин Ардак Грамотасы жана 10,4 (он мин төрт жүз.) сом акчалап сыйлыктар менен сыйланышсын.

2. Кара-Суу шаарынын мэри А. К. Рахимовго, финансы-экономика бөлүмүнө (С. А. Ботояров) сыйлыктарга кетүүчү чыгымдарды камсыз кылуу жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Суу шаарынын мэриясына жүктөлсүн.

 

Кара-Суу шаардык

кеңешинин төрагасы

 

Т. Ю. Алиев