Редакцияот 18.01.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Кара-Суу райондук кеңешинин кезексиз ХХ сессиясы

 

2012-жылдын 18-январы № 20/94

Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылдык аймагынын Жарооз участкасынан жеке менчик турак жай салуу жана социалдык объектилеринин курулушун куруу үчүн иштелип чыккан башкы планды бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18 ст. 3-пунктуна ылайык Кара-Суу райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгы тарабынан иштелип чыккан башкы пландын (генплан) негизинде Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылдык округунун жарандарынын социалдык турак жай маселесин чечуу максатында жана райондук кеңештин өнөр жайы, курулуш, транспорт, соода, байланыш, энергетика боюнча туруктуу комиссиясында каралгандыгын эске алып, депутаттардын Кара-Суу райондук кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылдык округунун Жарооз участкасынан жеке менчик турак жай салуу жана социалдык объектилеринин курулушун куруу үчүн 91,95 га жер аянтына иштелип чыккан башкы план бекитилсин.

2.  Кара-Суу райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгына (К.Жутанов) жер аянттарын ажыратып берүү, курулуш куруу үчүн керектелүүчү иш-кагаздарын бекитилип берилген башкы пландын негизинде даярдоо жагы милдеттендирилсин.

3.   Кара-Суу райондук Мамлекеттик каттоо башкармалыгына (А.Усонов) Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13- жана 15-статьяларына ылайык жерлердин тактоо документтерине өзгөртүү киргизүү жагы жүктөлсүн.

4.   Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы райондук кеңештин өнөр жайы, курулуш, транспорт, соода, байланыш, энергетика боюнча туруктуу комиссиясына /А.Каримов/ тапшырылсын.

 

Кара-Суу райондук

кеңешинин төрагасы

 

Б.Каратаев