ТоктомКүчүндө

Кара-Суу райондук кеңешинин 2012-жылдын 18-январындагы № 20/94 «Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылдык аймагынын Жарооз участкасынан жеке менчик турак жай салуу жана социалдык объектилеринин курулушун куруу үчүн иштелип чыккан башкы планды бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция18.01.2012 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КАРА-СУУ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Кара-Суу райондук кеңешинин кезексиз ХХ сессиясы

 

2012-жылдын 18-январы № 20/94

Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылдык аймагынын Жарооз участкасынан жеке менчик турак жай салуу жана социалдык объектилеринин курулушун куруу үчүн иштелип чыккан башкы планды бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18 ст. 3-пунктуна ылайык Кара-Суу райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгы тарабынан иштелип чыккан башкы пландын (генплан) негизинде Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылдык округунун жарандарынын социалдык турак жай маселесин чечуу максатында жана райондук кеңештин өнөр жайы, курулуш, транспорт, соода, байланыш, энергетика боюнча туруктуу комиссиясында каралгандыгын эске алып, депутаттардын Кара-Суу райондук кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылдык округунун Жарооз участкасынан жеке менчик турак жай салуу жана социалдык объектилеринин курулушун куруу үчүн 91,95 га жер аянтына иштелип чыккан башкы план бекитилсин.

2.  Кара-Суу райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгына (К.Жутанов) жер аянттарын ажыратып берүү, курулуш куруу үчүн керектелүүчү иш-кагаздарын бекитилип берилген башкы пландын негизинде даярдоо жагы милдеттендирилсин.

3.   Кара-Суу райондук Мамлекеттик каттоо башкармалыгына (А.Усонов) Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13- жана 15-статьяларына ылайык жерлердин тактоо документтерине өзгөртүү киргизүү жагы жүктөлсүн.

4.   Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы райондук кеңештин өнөр жайы, курулуш, транспорт, соода, байланыш, энергетика боюнча туруктуу комиссиясына /А.Каримов/ тапшырылсын.

 

Кара-Суу райондук

кеңешинин төрагасы

 

Б.Каратаев