Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 26-июлу № 1
“Сунушту кароо жөнүндө”
Кызыл-Суу айылдык Кеңешинин XII-сессиясы айыл өкмөтүнүн ФЭБнун башчысы Касимов Кимсанбектин сунушун карап чыгып, 2014-жылга бекитилген айыл өкмөтүнүн бюджеттик сметасына беренелерди айрым беренеге өзгөртүү боюнча төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Касимов Кимсанбектин сунуш көңүлгө алынсын, аткарылсын. (№1 тиркеме)
2. Кармалып турган акча каражаты С. Нышанбаев атындагы орто мектебине 50 000 (элүү миң) сом, Н. Бакыгулов атындагы орто мектебине 50 000 (элүү миң) сом жана Т. Абдраимов атындагы башталгыч мектебине 10 000 (он миң) сом, Алп-Ордо ФАПка 10 000 (он миң) сом, кароосуз калган трансформаторлого 7 000 (жети миң) сом бөлүп берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын финансы, экономика жана соц.тармактар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кызыл-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. Нышанбаев |
| Тиркеме №1 |
Кызыл-Суу айыл өкмөтунун 2014-жылга карата бекитилген бюджеттик сметасына өзгөртүү киргизүү боюнча төмөндөгүдөй сунуш кыламын.
1. Мазмуну: 2014-жылга көчөлөрдү жарыктандыруу боюнча 1200 миң сом каралган Аткарылышы: 70.0 миң сомдук каражат иштетилди жана 50,0 миң сом каралып турат
Сунуш: 50,0 миң сомду С.Нышанбаев атындагы орто мектебине меч куруу үчүн каржылоого уруксат берүүнү сунуш кыламын.
2. Сугат суу чыгаруу үчүн 200,0 миң сом каралган болсо анын 123,0 миң сому иштетилди, 77,0 миң сому иштетилген эмес.
Сунуш: -77,0 миң сомдун 60.0 миң сомун Н.Бапыгулов атындагы орто мектебине, 10,0 мин сомун ФАПка, 7,0 миң сомун кароосуз калган трансформаторлорго бөлүп, аталган уюмдун документ иштерин бүткөрүүгө чыгымдоону сунуш кыламын.
3. Табигый кырсыктарга бөлүнгөн 150,0 миң сомдун 50,0 миң сомун айылдык ооруканага, жана үй бүлөлүк дарыгаерлер тобунун кызмат имаратынын керектүү документтерине (көк китеп) чыгымдоого бөлүп берүүнү сунуш кыламын