Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-майы № 168/20-3
Токмок ш. Ключевая көчөсүнүн аталышын өзгөртүү жөнүндө
Б.Курмановдун 2015-жылдын 4-майындагы кириш №135/02-01 өтүнүч катын карап чыгып, А.Курмановдун шаардын өнүгүшүнө кошкон салымын эске алып, өнөр жай, курулуш, архитектура, унаа жана турак жай-коммуналдык кызматтары боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 08.05.2015-ж. протоколуна жана Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамына ылайык,
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен,
Токмок шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок ш. Ключевая көчөсүнүн аталышы Абдыкайып Курманов атындагы көчө болуп өзгөртүлсүн.
2. Көчөнүн аталышынын өзгөртүлүшү менен байланышкан бардык чыгымдар (көчөнүн аталыш көрнөгүн даярдап, илүү, көчөнүн тургундарынын паспортторун алмаштыруу боюнча ж.б.) өтүнүч киргизген тараптын эсебинен жүргүзүлсүн.
3. Чүй-Токмок жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы (Момункулов М.А.), Токмок шаардык шаар курулуш жана архитектура башкармалыгы тарабынан (Кыдырбаев А.Ю.), каттоо, инвентаризациялык маалыматтарга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилсин.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн, Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына чыгарылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, өнөр жай, курулуш, архитектура, унаа жана турак жай-коммуналдык кызматтары боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Токмок шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Р. Таманбаев |