Загрузка документа…
ОН ЭКИ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 6-марты № 3-1
Он Эки Бел айылдык кеңешинин регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жаны мыйзамга ылайык, Он Эки Бел айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Он эки бел айылдык кеңешинин регламенти бекитилсин.(тиркемелер тиркелет)
2. Он эки бел айылдык кеңешинин регламенти Ош облустук юстиция башкармалыгы тарабынан ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү боюнча иш жүргүзүү жооптуу катчы К.Анапияевага тапшырылсын:
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жергиликтүү кенештин мыйзамдуулук укук тартиби жана депутаттардын этика комиссиясы Р.Абдиева жергиликтүү кенештин жооптуу катчысы К.Анапияевага милдеттендирилси.
4. Он эки бел айылдык кеңешинин регламенти Ноокат райондук “Ноокат таны” газетасына жарыялансын.
5. 2008-жылдын 29-майындагы № 99 “жергиликтүү өз алдынча башкаруу жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы (бардык кирген өзгөрүүлөрү менен) күчүн жоготту деп табылган.
Он Эки Бел айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Турсункулов |
Ушул Регламент Кыргыз Республикасынынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» жана «Жергиликтүү кенештин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамдарына ылайык иштелип чыгылган жана айылдык аймагынын жергиликтүү кеңешинин иш-аракет тартибин аныктайт.
Айылдык аймагынын жергиликтүү кеңеши.
1.1 Жергиликтүү кенеш- Кыргыз Республикасынынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» , шайлоо жөнүндө жана жергиликтүү кенештердин депутаттардын статусу жөнүндө мыйзамдар менен белгиленген тартипте 4 жылдык мөөнөткө түзүлүүчү жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлчүлүктүү органдары.
1.2 Жергиликтүү кенеш жалпыга бирдей , тен жана тике шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш берүү менен шайлануучу депутаттардан турат. Жергиликтүү кенештин депутаттарын шайлоо өткөрүүнүн тартиби мыйзам менен аныкталат.
1.3 Жергиликтүү кенеш юридикалык жактан болуп саналат жана мыйзамдар менен өздөрүнүн компетенциясына таандык кылынган ар кандай маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу.
1.4 Кыргыз Республикасынынын Конститутциясына жана мыйзамдарына каршы келген учурда жергиликтүү кенештин чечимдерин жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
1.5Жергиликтүү кенеш өз ишмердигин аткаруу Кыргыз Республикасынынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамында белгиленген мөөнөттө өткөрүлүүчү өзүнүн биринчи сессиясынын күнүнөн тартып аткара баштайт жана өз ишин кийинки чакырылыштагы жергиликтүү кенештин биринчи сессиясы өткөрүлгөн күнү токтойт.
2.2 Айылдык кенештин сессияларында кошумча иретинде төмөндөгүдөй маселелер чечилет.
-айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо:
- ушул мыйзамда белгиленген тартипте айыл өкмөтүнүн башчысына ишенбестик билдирүү
-тийешелүү мыйзамдарда базалык ставканын базасында эсептелген айыл аймагы үчүн белгиленген жер салыгынын жалпы суммасынын чегинде топурактын бонитетинин баллдарын эсепке алуу менен айыл башчысына жарактуу жерлерди пайдалангандыгы үчүн салыктын жиктелген ставкаларын аныктоо:
-айыл башчыларына жарактуу жерлерди , чөп чабындылардды кайра бөлүштүрүү фонддорун, ижарага берүүнүн тартибин аныктоо:
2.3 Айыл аймагынын кеңеши жергиликтүү маанидеги башка маселелерди чечүүгө укуктуу , материалдык финансылык жана башка каражаттар бөлүнүп берилип , ага ылайык мамлекеттик ыйгарым укуктар өткөрүлүп алынат жана аткарылат:
2.4 Айыл аймагынын кеңеши белгиленген мөөнөттө өзүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашырууга киришүүдө төраганын орун басарын жана структура жөнүндө чечимин кабыл алат.
Айылдык аймагынын жергиликтүү кеңешитин төрагасы.
3.1 Жергиликтүү кеңешитин төрагалары тийешелүү кенештин сессиясында көпчүлүк фракциялардын депутаттарынын ичинен же көпчүлүк фракциялардын каолициясы аркылууу депутаттардын жалпы санын көпчүлүгүн жашыруун добуш менен жергиликтүү кеңешинин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат.
3.2 Аймактык кеңешитин төрагалары тийешелүү кенештин сессиясында жергиликтүү кеңешинин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө жашыруун добуш менен депутаттардын ичинен шайланат.
3.3 Тийешелүү жергиликтүү кенештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерлерин көрөсөтүүнүн тартиби жана шайлоонуну дагы башка жол жоболук маселелери тийешелүү жергиликтүү кенештин регламентинде аныкталат.
3.4 Өзүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган учурларда жергиликтүү кенештин төрагасы ээлеген кызматынана кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда жергиликтүү кенештин депутаттарынын үчтөн экисинин дамилгеси боюнча шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бошотулушу мүмкүн.
3.5 Айылдык кенештин төрагаларынын өзүнүн милдеттерин коомдук негизде бирок айыл кеңешинин сессияларынын ишинин мезгилине бир жолку компенсация алуу менен аткарышат.
3.6 Жергиликтүү кенештин төрагасы:
-жергиликтүү енештин сессиясын чакырат:
-сессияга төрагалык кылат:
-жергиликтүү кенештин чечимдерине кол койот:
-жергиликтүү кенеш тарабынан жүктөлгөн башка милдеттерди аткарат.
3.7 Жергиликтүү кенештин төрагалары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо,Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык 4 Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө расмий өтүнүч жасайт.
4.1 Жергиликтүү кенештин төрагасынын орун басары кенештин төрагасынын тапшырмасын аткарат, ал жок болгон, же өз милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда анын ордуна иштейт.
4.2 Жергиликтүү кенештин төрагасынын орун басары өзүнүн ээлеген кызмат ордуна жергиликтүү кенештин депутаттарынын үчтөн биринин демилгеси боюнча шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен болушу мүмкүн.
4.3Жергиликтүү кенештин төрагасынын орун басары өзүнүн ишин республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү кенештин төрагасынын орун басарын кошпогондо коомдук башталыштарда жүзөгө ашырат.
5-глава
Айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин катчысы.
5.1 Айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин катчысынын милдетин айыл аймагынын башкаруунун жооптуу катчысы атарат.
5.2 Айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин катчысы:
Жергиликтүү кеңешинин сессиясынын протоколун жүргүзөт
Келип түшүүчү иш кагаздарынын эсебин алууну уюштурат.
Жергиликтүү кеңешинин туруктуу жана убактылуу комиссиясынын уюштуруу иштерин жүргүзөт:
Жергиликтүү кеңешинин сессиясын өткөрүү жөнүндө депутаттарга кабарлайт жана алардын катышуусун эсебин алат:
Жергиликтүү кеңешинин сессияларынын токтомдорун тариздейт жана кенештин депутаттарына жөнөтүүнү уюштурат:
Жергиликтүү кеңешинин сессиясынын токтомдорунун долбоорун даярдоо боюнча иштерге жетекчилик кылат.
6.1 Жергиликтүү кенештин туруктуу комиссиялары кенешштин карамагына таандык маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо, ошондой эле кенештин чечимдери ишке ашырууга караштуу,ушул чечимдин ведомстволук аймакта жайгашкан мекемелер жана уюмдар тарабынан атарылышына контролдук кылуу үчүн түзүлөт, ошондой эле убактылуу комиссиялар да түзүлсө болот.
6.2 комиссиялардын тизмеги , алардын сандык курамы жана шайлоонун тартиби жергиликтүү кенеш тарабынан аныкталат. Кенеш укуктарынын мөөнөтүнүн ичинде зарылчылыкка жараша жаны туруктуу комиссияларды түзөт. Мурда түзүлгөндөрүн таратат жана кайра уюштурат. Алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизе алат.
6.3 жергиликтүү кенештин туруктуу комиссиялары өзүнүн компетенциясына таандык маселелер боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алат.
Айылдык аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессияларын өткөрүү тартиби
7.1 Жергиликтүү кеңешинин сессиялары анын ишинин негизги уюштуруучулук –укуктук формасы болуп эсептелет. Сессияларды өткөрүүнүн тартиби жана мезгилдүүгү жергиликтүү кенештин регламенти менен аныкталат. Жергиликтүү кенештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн биринин талабы боюнча өткөрүлөт.
7.2 Жергиликтүү кенештин жыйналышы депутаттардын жалпы санынын киминде жарым катышса , укук ченемдүү болот. Жергиликтүү кенеш, эгерде мыйзам башкача каралбаса ,жергиликтүү кенештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен чечим кылат.
7.3 Жаны шайланган жергиликтүү кенештин биринчи сессиясы мурдагы чакырылган кенештин төрагасы тарабынан жергиликтүү кенештин депутаттарын шайлоодон кийин эки жумалык мөөнөттөн кечиктирилбестен чыгарылат. Жкргиликтүү кенештин биринчи сессиясын тиешелүү жергиликтүү кенештин курагы боюнча улуу депутаты ачат.
7.4 Жергиликтүү кенештин биринчи сессиясынын күнү тартибине кенештин төрагасы жана анын орун басарын шайлоо, кенешти уюштуруунун дагы башка эн маанилүү маселелери киргизилет.
7.5 Жергиликтүү кенеш, эгерде каралуучу маселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик сырга таандык болсо, жабык сессияны өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алат. Сессиянын ченемдери ачык добуш берүү менен кабыл алынат.
7.6 Айыл аймагынын кеңеши ар бир сессияда күн тартибин жана иштөө тартибин кабыл алат. Айрым себептер менен каралбай калган маселелер кийинки сессияда каралат.
7.7 Айыл аймагынын кеңешинин сессиясынын протоколдорун кенештин катчысы жүргүзөт. Протоколго сессияга катышкандардын жана катышпай калган депутаттардын фамилиялары, катышпай калгандын себептери , чакырылгандардын тизмеси жана каралган маселелер боюнча маалыматтар, кабыл алынган чечимдер камтылат. Протоколго сессияда төрагалык кылуучунун колу коюлат.
7.8 Керек болгон учурларда айыл аймагынын кеңешинин сессияларында каралган маселелер жана кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалыматтар массалык каражаттар булактарына чыгарылат.
8.1 Айыл аймагынын кеңешинин сессиясында каралган маселелер боюнча токтом кабыл алынат .
8.2 Айыл аймагынын кеңешине кароого сунушталган токтом долбоору төмөндөгүдөй болууга тийиш.
Кабыл алынган чечимди аткаруучулар , аткаруу мөөнөтү, каржылоо булактары , ошондой эле токтомдун күчүнө киргендиги көрсөтүлөт:
-зарыл учурда чечим кызыктар уюмдар , тийиштүү аймактык органдардын жергиликтүү бөлүмдөр, ошондой эле зарылдыгына карай мамлекеттик бийлик органдары менен макулдашууларга тийиш.
- ушул маселе боюнча мурдагы токтом эске алынат жана мурда кабыл алынган токтомдорду жокко чыгаруу же өзгөртүү боюнча сунуштар камтылууга тийиш.
-айрым чечимдер боюнча зарылдыгына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык корутунду болуусу керек.
8.3Айыл аймагынын кеңешинин токтому сессияда талкуулангандан кийин сессияда катышкан депутаттардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
8.4 Кенештин депутаттары чечимге макул болбосо жазуу же ооз эки формасында өзүнүн өзгөчө пикирин айыл аймагынын кеңешинин протоколуна киргизүүгө укуктуу.
8.5 Сунушталган токтомдун долбоорун , эгерде сессияда катышкан депутаттардын санынын көпчүлүк бөлүгү добуш берсе долбоор негиз катары кабыл алынат жана пунктары боюнча катталат.
8.6 Токтомдун долбоорун баардык катышуучулары каралгандан кийин толугу менен кабыл алынат.
8.7Айыл аймагынын кеңешинин таратуу кол койгондон кийин эки жумалык мөөнөттө кенеш аппараты тарабынан түзүлөт.
8.8 Айыл аймагынын кеңешинин кабыл алынган токтому анын ыйгарым укуктарын чегинде тийиштүү аймакта жайгашкн ишканалар , мекемелер жана алардын органдары ,кызматтык адамдар жарандар аткарууга милдеттүү.
9.1 Жергиликтүү кенештин ыйгарым укуктары жергиликтүү кенештин жаны курамы түзүлүшүнө , кенеш мөөнөтүнөн мурда таркатылышына байланыштуу токтотулат.
9.2 Жергиликтүү кенештер мөөнөтүнөн мурда төмөндөгүдөй учурларда таркалышы мүмкүн.:
-тийешелүү жергиликтүү кенештин депутаттарынын жалпы санынын добуштарынын үчтөн экиден кем эмес көпчүлүгү тарабынан кабыл алынган чечим боюнча:
-ушул мйызамда каралган негиздер боюнча Президент тарабынан:
-тийешелүү шаардын же айылдын чек араларынын өзгөрүлүшүнө алып келген кайра уюштуруу учурларында:
9.3Өзүн-өзү таратуу жөнүндө жергиликтүү кенештин чечими кенештин төрагасы тарабынан жарлык чыгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине жиберилет.
9.4 Чек араларын өзгөртпөстөн администрациялык-аймактык бирдиктин атын өзгөртүү кайра уюштуруу болуп саналбай жана жергиликтүү кенешти таратууга алып келбейт. Кыргыз Республикасынын Президентинин кайра уюштурууга байланыштуу жергиликтүү кенешти таратуу жөнүндө Жарлыгы, эгерде мыйзамдын өзүндө башкача мөөнөт каралбаса , тийешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жөнүндө мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып 10-күндөн кечиктирилбестен чыгарылышы керек.
9.5 Жергиликтүү кенештер мөөнөтүнөн мурда таратууну жогоруда көрсөтүлгөн учурларынын кайсынысы болсо да Президенттин мөөнөтүнөн мурда таратуу жөнүндө Жарлыгы расмий жарыяяланган күндөн тартып таркатылды деп эсептелет.
9.6 Жергиликтүү кенештер мөөнөтүнөн мурда таркатылган учурда мүлктүн жана документтерин аткарылышына жоопкерчиликти –аткаруу органдарынын администрациясынын башчысы өз мойнуна алат.
Айылдык аймагынын жергиликтүү кеңешинин регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн жана бекитүүнүн тартиби.
10.1 Айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин иш регламенти Типтүү регламенттин негизинде регламент маселелери боюнча жумушчу тобу иштеп чыгылат , жана кенештин сессиясына бекитүүгө киргизет.
10.2 Регламент маселелери боюнча топко айылдык кеңешинин шайлануучу беш депутаттан кем эмес болууга тийиш. Аны айыл аймагынын кеңешинин төрагасынын орун басары жетекчиликке алат.
10.3 Ар бир депутат регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизе алат. Сунуштар регламент боюнча жумушчу топко кароо үчүн жөнөтүлөт.
10.4 Регламент жана регламентке ондоолор киргизилгенден кийин кенешке шайланган депутаттардын көпчүлүк саны менен кабыл алынат.