Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 18-февралы № XX-1
Гулистан айыл кеңешинин 2015-жылга иш планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар” жөнүндөгү, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери” жөнүндөгү Мыйзамдарында белгиленген айыл Кеңештин компетенциясынын негизинде айыл Кеңештин иш планы түзүлүп, бекитүлүүсү керек.
Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап, Гулистан айыл Кеңешинин кезектеги ХХ-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл Кеңешинин 2015-жылга түзүлгөн иш планы бекитилсин.
2. Ушул иш пландын негизинде иш алып баруу айыл кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңештин жооптуу катчысы С.Эркабаевге жүктөлсүн.
Гулистан айылдык Кеӊешинин төрагасы |
И. Ташматов |
№ | Иш чаралардын мазмуну | Аткаруу мөөнөтү | Аткарууга жооптуулар |
Гулистан айыл кеңешинин кезектеги ХХ-сессиясы
1 | Гулистан айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн 2015-жылга стратегиялык планын бекитүү жөнүндө | февраль | А/Кеңештин төрагасы, туруктуу комиссиялар |
2 | Гулистан айыл Кенешинин 2013-жылга бюджетинин аткарылышы жана 2015-жылга бюджетин бекитүү жонүндө | февраль | Э.Шаназаров И.Айбашов, туруктуу комиссиялар |
Гулистан айыл кеңешинин кезектеги ХХ1-сессиясы
3 | 2015-жылдын 1-кварталында айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн стратегиялык планын аткарылышы жөнундө | апрель | Туруктуу комиссиялар, И.Айбашов, Айыл башчылар |
4 | Гулистан айыл аймагында айлана-чөйрөнү көрктөндырүү жана иретке келтирүү, жазгы тааалачылык иштеринин жүрүшү жөнүндө | апрель | Айыл чарба, курулуш, өнөр жай боюнча иштөөчү туруктуу комиссия, Айыл өкмөтүнүн тийиштүү адистери |
Гулистан айыл кеңешинин кезектеги ХХ11-сессиясы
5 | 2015-жылдын 1-жарым жылында айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн стратегиялык планын аткарылышы жөнундө | июль | Э.Шаназаров, И.Айбашов, туруктуу комиссиялар |
6 | Айыл аймагындагы билим берүү мекемелерин жаңы окуу жылына даярдоонун абалы жөнүндө | июль | Социалдык-маданий маселелер боюнча туруктуу комиссия |
Гулистан айыл кеңешинин кезектеги ХХ111-cессиясы
7 | 2015-жылдын 9 айында айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн стратегиялык планын аткарылышы жөнундө | октябрь | Э.Шаназаров, И.Айбашов, туруктуу комиссиялар |
8 | Айыл аймагындагы бюджеттик мекемелерди жана калкты 2015-2016- күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө | октябрь | Социалдык-маданий маселелер боюнча туруктуу комиссия |
Гулистан айыл кеңешинин кезектеги ХХ1V-сессиясы
9 | Калкты социалдык жактан коргоо боюнча жүргүзүлүп жактан иштердин абалы жөнүндө | Декабрь | Туруктуу комиссиялар |