Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XX сессиясы
2015-жылдын 18-февралы № XX-2
Гулистан айыл аймагын 2014-жылга социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн стратегиялык планын аткарылышы жана 2015-жылга планын бекитүү жөнүндө
Гулистан айыл аймагынын 2013-2017-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасы “Кыргыз Республикасынын 2013-2017-жылдарда туруктуу өнүгүү стратегиясына” жана Ноокат районунун социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын негизинде тездетилген экономикалык өсүшү жана социалдык жактан камсыздоочу программа болуп эсептелет.
Экономиканын өнүгүүсүнө элдин жашоо абалын жакшыртууга,социалдык маанидеги маселелрди чечүүгө, билим берүү тармагын өнүктүрүүгө жана жумушсуздукту кыскартууга багытталган программада айыл аймагындагы колдо бар ресурстарга жана экономикалык потенциалдарга негизделүү менен иштелип чыгылды.
Бул программа айыл калкынын кароосуна сунушталып, өзгөртүүлөр, толуктоолор киргизүү менен Гулистан айыл кеңешинин 2013-жылдын 27-февралындагы № 3 сессиясында бекитилген.
Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап, Гулистан айыл кеңешинин кезектеги ХХ-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл аймагынын 2013-2017-жылдарга кабыл алынган социалдык-экономикалык өнүгүү программасындагы 2014-жылда социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиялык планы кемчиликтерди белгилөө менен канааттанндырарлы деп белгиленсин.
2. Гулистан айыл аймагынын 2013-2017-жылдарга социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасынын 2015-жылга болжолдолгон стратегиялык планы жумушчу топ тарабынан айылдарда өткөрүлгөн жалпы жыйындарда талкууланып, өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү жөнүндөгү сунуштарды эсепке алып, бекитилсин. (Айыл аймагынын 2015-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиялык планы тиркелет).
3. 2015-жылга Гулистан айыл аймагын өнүктүрүүнүн стратегиялык планын аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын козөмөлдөө айыл кеңешинин бардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Гулистан айылдык Кеӊешинин төрагасы |
И. Ташматов |
| Гулистан айылы 2013-2017 жылдарга социалдык экономикалык өнүгүү программасына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө |
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2013-2017 жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасы 2013-жылдын 27-февралындагы айылдык кенештин сессиясынын чечими менен бекитилген. Айыл өкмөтүнүн 2013-2017 жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасы бардык тармактарды камтыган болуп,негизги багыты айылдарды социалдык инфраструктарларынын калыбына келтирүү, курууга багытталган. Стратегиялык программанын кабыл алынгандан кийин 2 (эки) жыл мөөнөттө планда көрсөтүлгөн долбоорлордон Чили Сай орто мектебиндеги кошумча класстык бөлмөнү курулушу, Гулистан айылында Теремөк балдар бакчасынын пайдаланууга берилгендиги, Р Хожамов атындагы орто мектебиндеги 50 (элүү) орунду балдар бакчасынын курулушу аякталды. Гулистан , Беш Коргон айылдарындагы жаңы конуштарды электр-энергиясы менен камсыз кылуу долбоору жана “Орто Арык” жана “Кызыл Арык “ каналдарын ремонтто долбоору ЮСАИД уюму тарабынан аткарылды. Ишкердик чөйрөсүндө элди турмуш тиричилигине керектелүүчү азыктүүлүк,курулуш материалдары жана башка керектелүүчүлөр менен соодо кылуучу дүкөндөр жана ишканалар ачылды.
Ишкердик субъектерини жергиликтүү бюджеттеги үлүшү 2013-жылдда 20 % түзсө, 2014-жылда бул көрсөткүч 30 % түздү.Аймактагы билим берүү мекемелеринин материалдык -техникалык базасын жакшыртуу максатында жергиликтүү бюджеттен көмөк көрсөтүлдү. Мындан тышкары 2 жыл мөөнөт ичинде аймакта жаңыдан 3 социалдык маданий объекттер пайдаланууга тапшырылды. 2014-жылдын декабрь айында айыл өкмөтүнүн 2013-2017 жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүү программасына өзгөртүү, толуктоолор киритүү боюнча жумушчу тобу мониторинг жүргүзүп, аймактагы социалдык жана инфраструктуралар боюнча көйгөйлүү маселелер жайында карап чыгып, аймактардагы жаңы конуштарды 2015-жылдан баштап инфраструктура түзүмдөрүнү калыбына келтирүү куруу боюнча атайын долбоор иштелип чыгып,стратегиялык планга киритүү зарылдыгын сунушташты.
№ | Аткарыла турган иштердин аталышы |
| Каржылоо булактары | Тузулгон жумушчу орундар | |||||||||||
Аткарыла турган иштердин болджолдуу смуммасы | 2015 | 2016 | 2017 | Аткаруу мөөнөтү | |||||||||||
Донордук уюмдар жан башка уюмдар ( мин сом) | Коомчулук /жеке инвестор (мин сом ) | Айыл окмоту мамлекеттик туртку беруучу грант (мин сом) | Донордук уюмдар жан башка уюмдар ( мин сом) | Коомчулук /жеке инвестор (мин сом ) | Айыл окмоту мамлекеттик туртку беруучу грант (мин сом) | Донордук уюмдар жан башка уюмдар ( мин сом) | Коомчулук /жеке инвестор (мин сом ) | Айыл окмоту мамлекеттик туртку беруучу грант (мин сом) | 2015 | 2016 | 2017 | ||||
1 | Фрунзе айылынын Бостон участкасындагы жаңы конуштардын инфраструктурасын калыбына келтирүү куруу долбоору ( жол, ичимдик суу, электр энергия) | 2 млн |
| 200 миң | 200 миң |
| 200 миң | 200 миң |
| 200 миң | 200 миң | + | + | + |
|
2 | Фрунзе айылынын Вахм участкасындагы жаңы конуштардын инфраструктурасын калыбына келтирүү куруу долбоору ( жол, ичимдик суу, электр энергия) | 1 млн |
| 100 миң | 100 миң |
| 100 миң
| 100 миң |
| 100 миң | 100 миң | + | + | + |
|
3 | Гулистан айылынын Сай Бою участкасындагы жаңы конуштардын инфраструктурасын калыбына келтирүү куруу долбоору ( жол, ичимдик суу, электр энергия) | 2 млн |
| 200 миң | 200 миң |
| 200 миң | 200 миң |
| 200 миң | 200 миң | + | + | + |
|
4 | Кызыл Сай айылынын Кочкор Ата участкасындагы жаңы конуштардын инфраструктурасын калыбына келтирүү куруу долбоору ( жол, ичимдик суу, электр энергия) | 2 млн |
| 200 миң | 200 миң |
| 200 миң | 200 миң |
| 200 миң | 200 миң | + | + | + |
|
5 | Кызыл Сай айылынын Тыт Зар участкасындагы жаңы конуштардын инфраструктурасын калыбына келтирүү куруу долбоору ( жол, ичимдик суу, электр энергия) | 1 млн |
| 100 миң | 100 миң |
| 100 миң | 100 миң |
| 100 миң | 100 миң | + | + | + |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2013-2017-жылдарга социалдык экономикалык өнүгүү программасына өзгөртүү жана толуктоолор киритүү боюнча жумушчу топтун курамы.
1.И.Айбашов - Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, жумушчу топтун төрагасы
2.Ш.Гафаров – Айыл кенештин депутаты (макулдугу менен), жумушчу топтун мүчөсү
3.Т.Тойчиев - Айыл кенештин депутаты (макулдугу менен), жумушчу топтун мүчөсү
4.П.Мамарасулов - Айыл кеңештин депутаты (макулдугу менен), жумушчу топтун мүчөсү
5.С.Алмижанов - Гулистан айылынын айыл башчысы, жумушчу топтун мүчөсү
6.А.Толипов – Мамлекеттик эмес уюмдун өкүлү, жумушчу топтун мүчөсү
7.А.Худойбердиев - Мамлекеттик эмес уюмдун өкүлү, жумушчу топтун мүчөсү
8. Д.Иминжанова – Аялдар кенешинин төрайымы, жумушчу топтун мүчөсү
9.А.Тоштемиров - Жаштар комитетинин төрагасы, жумушчу топтун мүчөсү
10.Р.Кочканов - Жеке ишкер, жумушчу топтун мүчөсү
11.А.Тажимаматов - Айыл чарба тармагы боюнча адис, жумушчу топтун мүчөсү