Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XX сессиясы
2015-жылдын 18-февралы № XX-4
Гулистан айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар комитетинин 2014-жылдагы аткарган иштери жана 2015-жылга бюджетин бекитип берүү жөнүндө
Гулистан айыл аймагында 2010-жылда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жайыт Мыйзамынын” негизинде жайыт комитети түзүлгөн. 2014-жылда жайыт комитети бекитилип берилген бюджетти толугу менен аткарган. Айыл өкмөтү жайыт комитетинин 2015-жылга бюджетин көрүп чыгып тийиштүү кошумчалар жана өзгөртүүлөрдү кириткен. Гулистан айыл кеңешинин ХХ-сессиясы күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл аймагынын жайыт комитетинин 2014-жылда аткарган иштери канааттандырарлы деп белгиленсин.
2. Гулистан айыл аймагынын жайыт комитетинин 2015-жылга бюджети бекитилсин..
3. Жайыт комитетинин 2015-жылда жайыт инфраструктурасын өңдөө боюнча аткара турган иштерин көзөмөлгө алуу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Гулистан айыл аймагынын жайыт комитетинин 2015-жылдын 17 февралындагы № 1-протоколу бекитилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гулистан айыл кеңешинин айыл чарба, өнөр жай, ишмердүүлүк жана инженердик инфраструктуралар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулистан айылдык Кеӊешинин төрагасы |
И. Ташматов |
Катышкандар: Айылдардан шайланган делегаттар жана жайыт комитетинин мүчөлөрү.
30 киши.
Отурумга Ноокат райондук Жайыт пайдалануучулар Ассоциациясынын төрагасы Т.Жолдошов катышыты.
Призидиум..Шаназаров Э –айыл өкмөтүнүн башчысы
Айбашев И - айыл өкмөтүнүн башчсынын орун басары
Расулов О - ветеринардык врач
Күн тартибиндеги маселе:
1. Гулистан Ж.П.Б 2014-жылда аткарылган иштери боюнча отчету
2. Гулистан Ж.П.Б ревизия комиссиясынын отчету
3. Гулистан Ж.П.Б 2015-жылга бюджетин бекитүү
Регламент
1 маселе боюнча 20 мүнөт
2 маселе боюнча 10 мүнөт
3 маселе боюнча 5 мүнөт
Биринчи маселе боюнча ЖПБ төрагасы Сатыбалдиев Эргештин отчету угулду , отчет протоколго тиркелет.
Экинчи маселе боюнча Гулистан ЖПБ ревизия комиссиясынын төрагасы Алимжанов Сайфуллонын отчету угулду , отчет протоколго тиркелет.
Үчүнчү маселе боюнча Гулистан ЖПБ нын бухгалтери Таштемиров Шакиржандын түшүнтүрмөсү угулду, 2015-жыл сметасы протоколго тиркелет .
Жыйналышта жайыт пайдалануучулардан Раимбердиев А, Расулов О, М.Мусаевтар сөзгө чыгып, жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин 2014-жылда алып барган иштери боюнча өздөрүнүн сын пикирлерин айтышты.
Жыйналышта Ноокат район жайыт пайдалануучулар бирикмелеринин Ассоциациясынын төрагасы Жолдошев Т сөзгө чыгып , Гулистан айыл өкмөтүнүн жайыттарын кемчилдиктерин жакшыртуу максатында алардын пайдалануну жакшы жолго кою керектигин айтты жана жайыттын пайдалануу графигин түзүү керектигин айтты.
Гулистан жайыт пайдалануучулар бирикмесинин чогулушу күн тартибиндеги маселелерди талкуулап
ЧЕЧИМ КЫЛАТ
1. Гулистан айыл өкмөтүнүн ЖПБ 2014-жылдага бюджетинин аткарылышы канаттандырарлы деп белгиленсин.
2. Гулистан айыл өкмотүнүн ЖПБ 2014-жылдагы ревизия комиссиясынын аткарган иштери канаттандырарлы деп табылсын.
3. Гулистан айылдөкмөтүнүн ЖПБ 2015-жылга болжолдонгон бюджетин бекитип берүү жагы айыл кенештен суралсын.(2015-жылга смета тиркелет)
4.Жайыт пайдалануучулар комитетинин курамы 15 (он беш) кишиден болсун жана үч жыл мөөнөт менен шайлансын (курамы тиркелет)
5.2015-жылда жайыт инфраструктурасын оңдоо үчүн ажыратылган акча каражаты жайыттагы булактарды оңдоо үчүн жумшалсын.
6.Жайытта багылып жаткан малдарды ветеринардык эрежелерин сакталышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн вет врачы Расулов О га жана жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Сатыбалдиев Э ге тапшырылсын.
7.Башка жактан келген кой малдарды чек аралардан өткөрбөө боюнча иштерди чечүү, жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Э.Сатыбалдиевге жүктөлсүн.