Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XX сессиясы
2015-жылдын 18-февралы № XX-8
Гулистан айыл аймагындагы “АСИР” суудан пайдалануучулар ассоциациясынын
2015-жылдын 10-февралындагы № 1-протоколун бекитип берүү жөнүндө
2015-жылдын 10-февралында Гулистан айыл аймагындагы “АСИР” СПА сынын жалпы жыйынында СПА нын 2014-жылда аткарган иштери жана 2015-жылга бюджети бекитилген.
Гулистан айыл кеңеши күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл аймагындагы “АСИР” СПА сынын 2015-жылга СПА нын бюджетин бекитүү жөнүндөгү 2015-жылдын 10-февралындагы № 1 –протокол-токтому бекитилсин.(тиркелет)
2. Суудан пайдалануучулардан өндүрүлүүчү суу акы 1 гектарына 1000 сом өлчөмүндө өзгөртүүсүз калтырылсын.
3. “АСИР” СПА сынын “Сугат суу каналдарын реабилитациялоо” долбоорунун алкагында алынган насыясын өз убагында төлөнүшүн туруктуу көзөмөлгө алуу Гулистан айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңештин айыл чарба, курулуш, өнөр жай, ишмердүүлүк жана инженердик инфраструктуралар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулистан айылдык Кеӊешинин төрагасы |
И. Ташматов |
Гулистан айылы 10-февраль 2015-жыл
Чогулушка катышкан өкүлдөр жана суу па пайдалануучулар 31 киши. СПАнын кеңешинин мүчөлөрү: 5 киши
Текшерүү комиссиясынын мүчөлөрү 3 киши
Чакырылгандар: Ноокат районундагы СПАларды өнүктүрүү боюнча башкы адиси Касымов Азамат, Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары И Айбашов, айыл кенешинин депуттары Б. Мирзаев,Т. Тойчиев ,Б.Мирзакулов, П. Мамарасулов жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлери А.Эркабаев, Ш. Сотволдиев , С. Алимжанов.
Чогулушту баштоо менен президиумга 5 адам шайланып, чогулуштун төрагасына И. Айбашев жана катчылыгына А. Эркебаев шайланып, ар-бир сүйлөөчү кишиге 10 минутадан регламент белгиленди.
КҮН ТАРТИБИ:
1.”Асир” СПАнын кеңешинин 2014-жылда аткарган жумуштары боюнча отчету. 15минута ( маалымат берүүчү-Айбашев И).
2.”Асир” СПАсынын текшерүү комиссиясынын отчету 5 минута (маалымат берүүчү Аскаров М).
3.СПАнын кенешинин текшерүү комиссиясынын жана талаш-тартыш комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү. 10 минута (маалымат берүүчүАйбашев И).
4.25%дык ички каналдарды кайра калыбына келтирүүгө берилген 100% тик техникалык насыя төлөмдөрүн кайтаруу боюнча маалымат 10 минута (маалымат берүүчү – М.Режабалиев )
5.”Асир” СПАнын 2015-жылга каралган божомол бюджеттик иш-планын бекитүү 10 минута (сугат сууга болгон кызмат акыга көнүл буруу) . (маалымат берүүчү Режабалиев М).
6.СПАнын техникалык жабдуларынын айрымдарынын кызмат мөнөтүнүн өткөндүгүнө жана жараксыз абалга келип калгандыгына байланыштуу СПАнын эсебинен чыгаруу жөнүндө маалымат берүүчу М. Режабалиев.
7.Ар түрдүү маселелер (ички каналдарды 2015-жылдын сугат мезгилине даярдоо, ички каналдардын боюнда экилген тал-теректерди алуу жана ички каналдарды ашар ыкмасында элдин жардамы менен тазалоо, ички каналдардын бетондук бөлүктөрүн жана суу бөлүүчү дарбазаларды бузгандарга штрафтык жазаларды колдонуу, суу пайдалануучуларды убагында сугат суу менен камсыз кылуу, Ноокат райондук суу чарба адистери тарабынан маалыматын угуу, кадрлар маселеси баюнча суроолор, кошумча маселелер.
1.Угулду. Биринчи маселе боюнча АВП “Асир” СПАсынын кеңешинин төрагасы И. Айбашев билдирүү жасап, “Асир” СПАсынын 2014-жылда бюджети 1млн 600мин болуп жалпы чогулушта бекитилген. СПАнын кеңешинин төрагасы И. Айбашев 2014-жылда аткарылган иштер боюнча толук маалымат берди. Айыл өкмөтүнө тийиштүү жер аянты 895 гектерды түзөт, анын ичнен СПА суу менен камсыздап келген жер аянты 750 гектер, андан тышкары конуштардын жер аянты 521 гектерди түзөт. Өздөрүнгүздөргө белгилүү 2014-жылда насыя төлөмдөрдү 2014-жылдан 2024-жылга чейин узайтып берилди. СПА насыя төлөмдөрдү өз убагында төлөбөсө мамлекет тарабынан токтомдун негизинде штраф жана пеня кошуп койот. Ошондуктан өндүрүү жумуштарын жакшы жүргүзбөй келгендиктен СПАнын директору өз кызматынан бошотулуп, иштин жүрүшүнүн жакшырттуу максатында М. Режабалиев СПАнын директору, М. Аскаров гидротехник кызматына коюлгандыгын белгилеп кетти.
2.Экинчи маселе боюнча текшерүү коммисиясынын төрагасы М. Аскаров билдирүү берди. Текшерүү комиссиясы тарабынан 2 жолу текшерүү жүргүзүлгөндө мыраптар тарабынан суу акы үчүн алынган квитанциялар өз убагында бухгалтерияга тапшырылбаганы аныкталды. Соц фонд жана салык кызматына өз убагында отчет табшырылбагандыгы аныкталды тийиштүү чаралар көрүлдү.
3. СПАнын кенешин, текшерүү жана талаш-тартыш комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча И. Айбашев маалымат берди. Урматтуу суу пайдалануучулардын өкүлдөрү СПАнын кеңеши жана текшерүү комиссиясынын өзгөртүүнүн себеби СПАнын кеңешинин мүчөсү М. Режабалиев СПАга директор болуп шайланды . Текшерүү комиссиясынын төрагасы М. Аскаров гидротехник болуп ишке киргендигине байланыштуу СПАнын кенешинин мүчөлөгүнө Р. Ярматовду текшерүү комиссиясынын төрагалыгына коюп беришиңиздерди суранабыз.
4.Төртүнчү маселе боюнча СПАнын директору . Режабалиев маалымат берди . Чили-сай дарясында аткарылган иштердин эсеби 11млн 100мин сомду 25% тик кайтарымы жана 100%дык насыя кайтарымы 2014-жылдан тартып 2024-жылга чейин кайтаруу керек, өз убагында кайтарылбаса жылдык төлөнүүчү насыяга мамлекет тарабынан штраф жана пеня коюлгандыгын айтып өттү. Асир СПАсынын бир жылдык насыя төлөмү 400миң сомду түзөт. Урматтуу суу пайдалануучулардын өкүлдөрү, сиздерден сураныч насыя төлөмдөрдү өз убагында төлөө жөнүндө жерлерде түшүндүрү иштерин жүрүшүнө жардам беришиңиздерди суранамын.
5.Асир СПАсынын 2015-жылга карата бөжөмөл бюджетинин иш планын бекитүү боюнча СПАнын директору М. Режабалиев маалымат берди. Айыл өкмөтүнүн суулуктагы жери 895га болуп, анын ичинен СПА 750га жерди суу менен камсыз кылат. Тамаркалар саны 3000 кожолокту түзсө, азыркы мезгилде СПА 2000 кожолукту суу менен камсыз кылат, ошондуктан 750га жерге гектарына болгон төлөө 1000 сомдон 750 мин сомду түзөт. Ар бир тамаркадан түшкөн акча 2000 кожолуктан 100сомдон алынса, 200миң сом болот. 2014-жылдагы дебитордук карыздар 156700сом , жогорудагылрды эсепке алып СПАнын жалпы кирешеси 1 106700сомду түздү . СПАнын 2015-жылгачыгашалары боюнча: суу акы төлөмү райондук суу чарбасына бир жылдык төлөм 95161сом. Эмгек акы үчүн 273000сом, жардамчы штат үчүн 15000сом, соц фондко 49680сом, транспорт чыгымдарына 74400сом, админстартивдик чыгымдарга 21000 сом, каналдарды ремонттого 18644сом, мамлекеттик салык кызматына 33201сом, насыя төлөмдөргө (25%ге) 475496сом, насыя төлөм(100% ге) 51118сом СПАлар союзунун взносу үчүн 2892сом, жалпысы болуп 1 106700сом. Урматтуу жыйын катышучуулары. Насыя төлөмдөрдү төлөш үчүн элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү каналдрды ремонттону элдерди мобилизациялоо жолу менен аткарышыбыз керек. Суу пайдалануучулардан суу акын өндүрүштү жолго коюу керек деп өз сөзүн түгөттү.
6.Алтынчы маселе боюнча СПАнын кенешинин төрагасы И. Айбашев сөз сүйлөп, СПАнын балансында турган 3даана велосипед баасы 6871сом, компьютер 41786,62сом, ксерокопия 42500сом, принтер 16312,14 сом, факс аппарат 15782,53сом жогорудагы техникалык жабдуулардын айрымдарын кызмат мөөнөтү бүткөндүгүнө жана жараксыз абалга келип калгандыгына байланыштуу СПАнын эсебинен чыгарып таштоону сунуштады.
7.Ар түрдү маселелер: ички каналдарды 2015-жылдын сугат мезгилине даярдоо жана төлөмдөрдү өз убагында төлөө боюнча Бостон айылынан шайланган депутат Б. Мирзаев Гулистан айылынын көчө комитети М. Мирмахмудов, Гулистан айылынын айыл башчысы С. Алимжанов, Кызыл-сай айылынын көчө комитети Ж. Шокировтор жарык сөзгө чыгып, көрүлгөн маселелер боюнча өз ойлорун билдиришти. Негизги маселе суу акы төлөмдөрүн толук өндүрү насыя төлөмдөрүн өз убагында төлөө жана мыраптардын кызматына жараша 4000-7000 сомга чейин айлык акы берүү. Жогорудагы маселелер боюнча Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары сөз сүйлөп 2014-жылдагы аткарылган иштерди канааттандыралы, бирок кемчилдиктери сугат сууга болгон акы боюнча дебитордук карыздарды өндүрүү, насыя төлөмдөрдү төлөө керектигин баса белгиледи. Бул маселе боюнча айыл өкмөтү дагы көмөк көрсөтөөрүн айтты.
Асир СПАсынын өкүлдөрүнүн жалпы жыйналышы жогоруудагы маселелерди көрүп чыгып жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Асир СПАсынын 2014-жылда аткарган иштерин кемчилдиктерин белгилөө менен канааттандырарлы деп белгиленсин.
1.2. 2015-жылда суу пайдалануучулар менен толук келишим түзүп, келишимдин негизинде иш жүргүзүү, ички каналдарды сугат мезгилине чейин кезектеги оңдоодон өткөрүү, мыраптар тарабынан СПА мүчөлөрүнө сугат суусун берүүнүн күнүмдүк журналын жүргүзүү иштеринин аткарылышын камсыз кылуу жагы СПАнын директору Режабалиевке тапшырылсын.
2. СПАнын текшерүү комиссиясынын отчету канаттандырарлык деп табылсын.
2.1 СПАнын текшерүү комиссиясынын мүчөлөрү СПАнын 2015-жылда финансалык абалын жүргүзүү жагында мыйзам бузууларды болтурбоо жагынан жардам берүүгө милдеттендирилсин.
3.СПАнын кенеши төмөнкү курамда бекитилсин.
1.И.Айбашов
2.Б.Мирзакулов
3.Т.Тойчуев
4.М.Мирмахмудов
5.Р.Ярматов
Б).СПАнын текшерүү комиссиясы төмөнкү курамда бекитилсин.
1.Б.Мирзаев
2.Х.Тешабаев
3.С.Алимжанов
В).СПАнын талаш тартыш комиссиясы төмөнкү курамда бекитилсин.
1.А.Эркебаев
2.П.Бозорбаев
3.М.Хожимаматов
4. 25% дык ички каналдарды кайра калыбына келтирүү жумуштарына жана 100% техникалык насыя төлөмдөрүн келишимдин негизинде өз убагында төлөп баруу СПАнын директору М.Режабалиевке тапшырылсын.
5. Асир СПАсынын эсебинде 2015-жылга бөжөмөл бюджетинин кирешеси 1106700 сомго чыгашасы 1106700 сомго бекитилсин.Сугат сууга керектелген кызмат акы 1 гектар сугат аянтына 1000 сом өлчөмүндө өзгөртүүсүз калтырылсын.Тамарка жер бөлүктөрүнө ар-биринин көлөмүнө карабай 100(жүз) сомдон бекитилсин.
6. Асир СПАсынын эсебинде болгон негизги каражаттарды кызмат мөөнөтү өтүп, жараксыз абалда болгондугуна байланыштуу СПАнын эсебинен чыгаруу үчүн төмөнкү курамда комиссия түзүлсүн:
Комиссиянын төрагасы И.Айбашов
Мүчөлөрү М.Режабалиев
Х.Жораев
Р.Ярматов
М.Мирмахмудов
7.Сугат суу берүүдө жолтоо болгон же болбосо суу урдагандарга 5000(беш мин) сом өлчөмүндө, суу бөлүүчү курулмаларды жана каналдардын бетондук бөлүктөрүн бузган суу пайдалануучуларга баланстык баасы эки эсептелип төлөө жагы бекитилсин.
7.1. Ашар ыкмасы менен ички каналдарды тазалоо, элди мобилизациялоо, уюштуруу жагынан Гулистан айыл өкмөтү тарабынан жакындан жардам беруу жагы суралсын.
7.2. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Гулистан айыл кеңешинен суралсын.
7.3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө аткарылышын СПАнын кенешинин төрагасы И Айбашевге тапшырылсын.