Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXII сессиясы
2015-жылдын 14-майы № XXII-2
Гулистан айыл аймагында айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү жана иретке келтирүү жөнүндө
Гулистан айыл аймагын көрктөндүрүү жана иретке келтирүү максатында айыл өкмөтү атайын иш чаралар иштеп чыкты. Иш чараларда айыл аймактарын иретке келтирүү, көрктөндүрүү боюнча аткарылуучу бардык иштер камтылып, жергиликтүү бюджеттин эсебинен айыл кеңеши ажыратып берген акча каражаты дагы эсепке алынган. Иш чараларда айыл аймагындагы бардык мекеме-уюмдардын айланасын жана кожолуктардын турак жайын иретке келтирүү жана көрктөндүрүү көрсөтүлгөн. Аткарылуучу иштерге жооптуу кишилер дайындалаган. Бул иш чараларды аткаруу боюнча айыл өкмөтү кароо-сынак жарыялаган. Кароо-сынакта “Мыкты айыл”, “Мыкты көчө”, “Мыкты үй бүлө”, “Мыкты мекеме (уюм)” номинациялары жарыяланаган. Кароо-сынактын сыйлык фондусу айыл өкмөтүнүн резервдик фондусунан болуп, 50 миң сомду түзөт. Кароо-сынактын жыйынтыгы өлкөнүн эгемендүүлүк майрамына чыгарылат. (Иш чаралардын планы тиркелет)
Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап, Гулистан айыл кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл өкмөтүнүн айыл аймактарын иретке келтирүү жана көрктөндүрүү боюнча иш чаралар планы бекитилсин. (Иш чаралар планы тиркелет)
2. Айыл аймактарын иретке келтирүү жана көрктөндүрүү боюнча иш чараларды аткарууга ар тараптан көмөк көрсөтүү айыл кеңешинин депутаттарына, көчө комитеттерине, айыл өкмөттүн кызматчыларына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңештин бардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Гулистан айылдык Кеӊешинин төрагасы |
И. Ташматов |
| Гулистан айыл кеңешинин 2015-жылдын 14-майындагы № ХХ-2-токтомуна тиркеме |
№ | Иш-чаранын аткарылуучу жайы | Аткарылуучу иш-чаранын аталышы | Аткаруучулар | Аткаруу мөөнөтү | Иш-чараны уюштуруучулар | Иштин аткарылышын көзөмөлдөөчүлөр |
1 | Айыл өкмөтүнүн аймагындагы мекеме уюмдардын, айылдардын жана алардын кварталдык комитеттеринин аймактарында | - ишкана, мекеме, чарбалык субъекттерге менчик турүнө карабастан өзүнүн тийиштүү жана бекитилген жер участкаларын санитардык тазалоо (короолор, жолдор, арыктар, жол четиндеги суу латоктору, каналдар). Ар бир уй булө ээси 2 даана эсебинде көчөт өткозүү. Бак дарактарды тегиздөө, актоо, таштандыларды алып чыгуу | Айыл өкмөтү Мекеме-ишканалардын жетекчилери. Көчө комитеттери | 2015-жылдын март, апрель айлары | Айыл башчылар. Көчө комитеттеринин төрагалары. Мекеме уюмдардын жетекчилери | Айыл өкмөтүнүн штабы |
| Жарыктандыруу, декоративдик кооздоо | Айыл өкмөтүнүн көчөлөрүнү, имараттарды, соода туйундоруну жарыктандыруу, жарнактык кооздоо, жаңылоо | Айыл өкмөтү Мекеме-ишканалардын жетекчилери. | 2015-жылдын март, апрель айлары | Соода түйүндүн ээлери. Көчө комитеттери | Айыл өкмөтүнүн штабы |
| Каналдар жана ички арыктар | Айыл өкмөтүнүн аймагындагы сугат каналдарын жана ички арыктарды тазалоо жана калыбына келтирүү | Айыл өкмөтү Суу чарбасы. Коомчулук | 2015-жылдын март- май айлары | Айылдык округу. Суу чарбасы | Айыл өкмөтүнүн штабы |
| Ишембиликтерди уюштуруу | - Айыл өкмөтүнүн аймагын санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча айылдык округунун бүткүл жашоочуларыны, мекеме-ишканалар, мектептерди жалпы ишембиликке тартуу. | Айыл өкмөтү Мекеме-ишканалардын, билим берүү тармактарынын жетекчилери. | 2015-жылдын март- май айлары | Айыл башчылар. Көчө комитеттери. Мектеп директорлору. Коомчулук | Айыл өкмөтүнүн штабы |
| Айылдык округунда айылдарды инфраструктурасын жакшыртуу жылына карата аткарыла турган иштер | - Айыл өкмөтү 2013-жылды айылдарды инфрастуктурасын жакшыртуу жылына карата түзүлгөн иш-чаралар планын толугу менен аткаруу | Айыл өкмөтү Мекеме-ишканалардын жетекчилери. Көчө комитеттери. Коомчулук | 2015-жыл ичинде | Айылдык округу | Айыл өкмөтүнүн штабы |