Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXII сессиясы
2015-жылдын 14-майы № XXII-8
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2016-2018-жылдарга бюджетинин болжолун бекитүү жөнүндө
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2016-2018-жылдарга бюджетинин орто мөөнөттү болжолун долбоорун бекитүү жөнүндөгү маселени Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылжын 17-мартындагы “2016-2018-жылдарга бюджеттин орто мөөнөттү болжолу долбоорун жана 2016-2018-жылдарга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин долбоору жөнүндөгү” № 103-б буйругунун негизинде иштелип чыгылган долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Гулистан айыл кеңешинин «Экономика, бюджет жана инвестиция» боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» Мыйзамынын 27-статьясынын 5 пунктуна ылайык Гулистан айыл кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл өкмөтүнүн 2016-2018-жылдарга айылдык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Гулистан айыл кеңешинин «Экономика, бюджет жана инвестиция боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулистан айылдык Кеӊешинин төрагасы |
И. Ташматов |
Киреше боюнча
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2016-жыл үчүн бюджети киреше жана чыгаша боюнча 12576,7 миң сомду түзөт. Бул көрсөткүч 2015-жылга салыштырмалуу 348,9 миң сомго көп. Бул акча каражаты киреше салыгы боюнча долбоордо 2538,0 миң сом болсо, 2015-жылга салыштырмалуу 288,0 миң сомго көп белгиленген.
Милдеттүү патент долбоор боюнча 75.0 миң сом болсо, 2015-жыл менен бирдей.
Ыктыярдуу патент долбоор боюнча 1220,0 миң сом болсо, 2015 -жылга салыштырмалуу 60,0 миң сомго көп белгиленген.
Кыймылдуу мүлк салыгы долбоор боюнча 1126,0 миё сом болсо, 2015 –жыл менен бирдей.
Кыймылсыз мүлк салыгы долбоор боюнча 170,0 миң сом болсо, 2015 –жыл менен бирдей.
Жер салыгы долбоор боюнча 966,7 миң сом болсо, 2015 –жыл менен бирдей.
Сатуудан алынуучу салык долбоор боюнча 630,0 миң сом болсо, 2015-жылга салыштырмалуу 70,0 миң.сомго көп белгиленген.
Арендадан алынуучу салыктын долбоор боюнча 190,0 миё сом болсо, 2015 –жылга салыштырмалуу 100,0 миё. сомго кем белгилендген. Таштандыдан алынуучу салык долбоор боюнча 280,0 миң сом болсо, 2015–жылга салыштырмалуу 132,0 миң сомго көп белгиленген. Мамлекеттик алымдар долбоор боюнча 43,0 миң сом болсо. 2015-жыл менен бирдей. Атайын каражат боюнча 486,0 миң сом болсо, 2015-жыл менен бирдей. Административтик штраф долбоор боюнча 40.0 миң сом болсо. 2015-жыл менен бирдей. Гулистан айыл өкмөтүнүн 2017-жыл үчүн бюджетинин долбоору киреше жана чыгаша боюнча 13044,7 миң сомду түзөт. Бул көрсөткүч 2016-жылга салыштырмалуу 468,0 миң сомго көп. Бул акча каражаты киреше салыгы долбоор боюнча 2918,0 миң сом болсо, 2016-жылга салыштырмалуу 380,0 миң сомго көп белгиленген. Милдеттүү патент долбоор боюнча 75.0 миң сом болсо, 2016-жыл менен бирдей.Ыктыярдуу патент долбоор боюнча 1220,0 миң сом болсо, 2016 –жыл менен бирдей.
Кыймылдуу мүлк салыгы долбоор боюнча 1126,0 миң сом болсо, 2016 –жыл менен бирдей.
Кыймылсыз мүлк салыгы долбоор боюнча 170,0 миң сом болсо, 2016 –жыл менен бирдей.
Жер салыгы долбоор боюнча 966,7 миң сом болсо, 2016 –жыл менен бирдей.
Сатуудан алынуучу салык долбоор боюнча 760,0 миң сом болсо, 2016-жылга салыштырмалуу 130,0 миң.сомго көп белгиленген. Арендадан алынуучу салык долбоор боюнча 190,0 миң сом болсо, 2016 –жыл менен бирдей. Таштандыдан алынуучу салык долбоор боюнча 280,0 миң сом болсо, 2016 –жыл менен бирдей.
Мамлекеттик алымдар долбоор боюнча 43,0 миң сом болсо. 2016-жыл менен бирдей.
Атайын каражат боюнча 486,0 миң сом болсо, 2016-жыл менен бирдей.
Административтик штраф долбоор боюнча 40.0 миң сом болсо. 2016-жыл менен бирдей.
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2018-жыл үчүн бюджетинин долбоору киреше жана чыгаша боюнча13044,7 миң сомду түзөт. Бул көрсөткүч 2017-жыл менен бирдей. Бул акча каражаты киреше салыгы долбоор боюнча 2918,0 миң сом болсо, 2017-жыл менен бирдей.
Милдеттүү патент долбоор боюнча 75.0 миң сом болсо, 2017-жыл менен бирдей.
Ыктыярдуу патент долбоор боюнча1220,0 миң сом болсо, 2017 –жыл менен бирдей.
Кыймылдуу мүлк салыгы долбоор боюнча 1126,0 миң сом болсо, 2017 –жыл менен бирдей.
Кыймылсыз мүлк салыгы долбоор боюнча 170,0 миң сом болсо, 2017 –жыл менен бирдей.
Жер салыгы долбоор боюнча 966,7 миң сом болсо, 2017 –жыл менен бирдей.
Сатуудан алынуучу салык долбоор боюнча 760,0 миң сом болсо, 2017-жыл менен бирдей.
Арендадан алынуучу салык долбоор боюнча 190,0 миң сом болсо, 2017 –жыл менен бирдей.
Таштандыдан алынуучу салык долбоор боюнча 280,0 миң сом болсо, 2017 –жыл менен бирдей.
Мамлекеттик алымдар долбоор боюнча 43,0 миң сом болсо. 2017-жыл менен бирдей.
Атайын каражат боюнча 486,0 миң сом болсо,2017-жыл менен бирдей.
Административтик штраф долбоор боюнча 40.0 миң сом болсо. 2017-жыл менен бирдей.
Чыгаша боюнча
Гулистан айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратынын 2016- жылдын долбоору боюнча 4782,8 миң сомго түзүлдү. Бул көрсөткүч 2015-жылга салыштырмалуу 363,1 миңсомго кем белгиленди. 2017-жылга 4992,8 миң сомго түзүлдү. Бул көрсөткүч 2016-жылга салыштырмалуу 210,0 миң.сомго көп белгиленди.2018-жылга 4992,8 миң сом- 2017- жыл менен бирдей, штат бирдиги 24 адамды түзөт.
Коргоо маселелери боюнча түзүлгөн бюджеттин долбооруу 2016-жылга50,0 миң сом , бул көрсөткүч 2015-жылга салыштырмалуу 50,0 миңсомго кем белгиленди. 2017-2018-жылдарга каралган жок.
Экономикалык маселелер боюнча түзүлгөн бюджеттин долбоору 2016-жылга 600,0 миң.сом, бул көрсөткүч 2015-жылга салыштырмалуу 50,0 миңсомго кем белгиленди. 2017-2018-жылдарга каралган бюджет 2016-жыл менен бирдей.
Турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча түзүлгөн бюджеттин долбоору 2016-жылга 3443,9 миң сомду түзүп, 2015- жылга салыштырмалуу 467,0 миң сомго коп белгиленди. 2017-жылга 3501,9 миң сомду түзүп, 2016-жылга салыштырмалуу 58,0 миң сомго көп белгиленди. 2018 жылдын бюджетинин долбоору 2017- жыл менен бирдей.
Эс алуу,маданият жана дин тармагы боюнча түзүлгөн бюджеттин долборуу 2016-жылга 1200,0 миң сомду түзүп, 2015-жылга салыштырмалуу 633,5 миң сомго коп каралды. Себеби айыл өкмөтүнүн алдындагы маданият үйүн капыталдык ремонттон чыгаруу үчүн акча каражаты каралды, ошондуктан көп . 2017-жылга 850,0 миң сомду түзүп, 2016 салыштырмалуу 350,0 миң сомго кем белгиленди. 2018-жылдын бюджетинин долбоору 2017-жыл менен бирдей.
Билим берүү тармагы боюнча түзүлгөн бюджеттин долбоору 2016-жылга 1714,0 миң сомду түзүп, 2015 –жылга салыштырмалуу 237,3 миң сомго кем белгиленди. 2017-жылга 2314,0 миң сомду түзүп, 2016-жылга салыштырмалуу 600,0 миң сомго көп белгиленди. Себеби Р.Хужамов атындагы орто мектептин алдында 2 тайпалык балдар бакчасы ачылышы күтүлүүдө. 2018-жылдын бюджетинин долбоору 2017-жыл менен бирдей.
Социалдык коргоо тармагы боюнча түзүлгөн бюджеттин долбоору 2016-жылга 300,0 миң.сомду түзүп, 2015 –жылга салыштырмалуу 51,2 миң сомго кем белгиленди. 2017-2018-жылдар үчүн түзүлгөн бюджеттин долбоору 2016-жыл менен бирдей.