Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айылдык Кеңешинин V чакырылышынын X сессиясы
2014-жылдын 10-февралы № X-IV
Гулистан айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар
комитетинин 2013-жылдагы аткарган иштери жана
2014-жылга бюджетин бекитип берүү жөнүндө
Гулистан айыл аймагында 2010-жылда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жайыт Мыйзамынын” негизинде жайыт комитети түзүлгөн. 2013-жылда жайыт комитети бекитилип берилген бюджетти толугу менен аткарган. Айыл Өкмөтү жайыт комитетинин 2014-жылга бюджетин көрүп чыгып тийиштүү кошумчалар жана өзгөртүүлөрдү кириткен.Гулистан айылдык кеңешинин Х-сессиясы күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл аймагынын жайыт комитетинин 2013-жылда аткарган иштери канааттандырарлы деп белгиленсин.
2. Гулистан айыл аймагынын жайыт комитетинин 2014-жылга бюджети бекитилсин..
3. Жайыт комитетинин 2014-жылда жайыт инфраструктурасын өңдөө боюнча аткара турган иштерин көзөмөлгө алуу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Гулистан айыл аймагынын жайыт комитетинин 2014-жылдын 29-январындагы № 1-протоколу бекитилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гулистан айыл кеңешинин айыл чарба, өнөр жай, ишмердүүлүк жана инженердик инфраструктуралар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулистан айылдык Кеӊешинин төрагасы |
И. Ташматов |
Чогулушка жайыт комитетинин 25 мүчөсү катышты
Чакырылгандар: Гулистан айыл округунун башчысынын орунбасары И.Айбашов,
Кызыл Сай айылынын айыл башчысы а.Эркабаев, Гулистан айылынын айыл башчысы
М.Режабалиев
Күн тартибиндеги маселе:
1. Гулистан айылдык ЖПБ нын 2013-жылда аткарган иштери жөнүндө отчету.
2. Гулистан айылдык ЖПБ ревизия комиссиясынын отчету.
3. Гулистан айылдык ЖПБ 2014-жылга бюджети.
Гулистан айылдык ЖПБ нын төрагасы Э.Сатыбалдиев Эргеш 2013-жылда аткарылган
иштер жонүндө отчет берли. Ал өз отчетунда 2013-жылы Капка жолун салууда жайыт
пайдалануучулары менен бирге айыл өкмөтү тарабынан берилген жардамы менен жол салынды.
Жайыт пайдалануучуларга жайыт билеттери берилди. Гулистан айылдык ЖПБ текшерүү
комиссиясынын 2013-жылдагы бирикменин финансалык отчетун текшкргенибиздле
төмөндөгүдөй болуп чыкты: 2013-жылда бирикменин кассасында бардыгы болуп 138,7 миң
акча каражаты түшкөн. Бул акча каражаты түзүлгөн сметанын 89% түзөт, же болбосо 156 400 сомдун
ордуна 138 700 сом акча топтолгон.
Бул акча төмөндөгүдөй сарпталган:
1. Эмгек акы төлөө үчүн- 42 981 сом
2. Сапар чыгымы үчүн- 2500 сом
3. Соцфонд төлөмүнө- 7 963 сом
4. Сатуудан түшкөн киреше- 4 160 сом
5. Жер салыгы- 22 022 сом
6. Инфраструктураны оңдөө үчүн- 55 000 сом
7. Башка чыгымдар- 1 100 сом
8. Бардыгы- 135 726 сом
Налог жана соцфонджго тиешелуу отчеттор өз убагында берилип трурулган.
Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап, Гулистан айыл аймагындагы жайыт
пайдалануучулар бирикмесинин жалпы чогулушу
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл округундагы ЖПБ бюирикмесинин 2013-жылдагы бюджетинин аткарылышы кемчиликтери менен канааттандырарлы деп белигиленсин.
2. Гулистан айыл округундагы ЖПБ бирикмесинин ревизия комиссиясынын 2013-жылда аткарган иштери канааттандырарлы деп белгиленсин.
3. Гулистан айыл округундагы ЖПБ бирикмесинин 2014-жылга бюджетин бекитип беру жагы Гулистан айыл кеешинен суралсын.
4. Гулитьсн ЖПБ бирикмесинин 2104-жылга бир баш кара малга сезонго 119 сом мүзөөлөргө 63 сом, жылкыларга 119 сом, койлорго 63 сом, эчкилерге 119 сом сунуш кылынсын.
5. Кышкы тобт үчүн чоп оруа алынуучу жайыт жерлеринен түшүмдүүлүгүнө крап 300 сомдон 600 сомго чейин ар бир га жер үчүн салык алынсын.
6. Жайыт жерелердеги айдоо жер болсо 1 га жерге түшүмдүүлүгүнө карап суулу жерге 7 000 сом, кайракка 3 500 смо салык алынсын.
7. Жайыт жерлерине суу чыгарып, тосуп, бак тигилген болсо мөмөсүнө, дарактарга 50 сомдон, отун жана курулуш материалдары үчүнэгилген заран, терек, талдар үчүн 10 сомдон салык алынсын.
8. Жайыт жерелрде салынган уй-жай, короо курулмаларыүчүн ар биор сотых жер үчүн 100 сомдон салык алынсын.
9. Адыр зоналарындагы жайыт мүчөлөрүнөн 150 сомдон, тоо зоналарындагы жайыт мүчөлөрүнөн 700 сомдон отун чоп үчүн түтүн салыгы алынсын.
10. Гулистан ЖПБ бирикмесинин 2014-жылдын жайыт ифраструктурасын жакшыртуу түзүлгөн долбоорду турмушка ашыруу үчүн көмөк көрсөтүү айыл өкмөтүнөн суралсын.
11. ЖПБ бирикмесине Чили Сай, сызат жавна корук жерлерди тактап берүү Гулистан айыл өкмөтүнүн жар боюнча даиси А.Тажимаматовдон суралсын.