Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айылдык Кеңешинин V чакырылышынын X сессиясы
2014-жылдын 10-февралы № X-6
Гулистан айыл аймагынын Бостон айылынын тургундарынын 2014-жылдын 21-январындагы
№ 1 протоколун бекитип берүү жөнүндө
Кун тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап Гулистан айыл кеңешинин кезектеги Х-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл аймагынын Бостон айылынын тургундарынын 2014-жылдын 21-январындагы № 1- протоколу бекитилип, Бостон айылындагы жаме мечитине “Абдулла каары” наамы ыйгарылсын.
2. Мечитке наам берилигендигине байланыштуу документтерге тийиштүү өзортүүлөрдү киргизүү иштерин жүргүзүү мечиттин имамы Ахлидинов Тургуналиге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзомөлдөө айыл кеңешинин социалдык-маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулистан айылдык Кеӊешинин төрагасы |
И. Ташматов |
Жалпы чогулуш Бостон айылынын борбордук жаме мечитинде болуп өттү.
Чогулушка 124 киши катышты.
Күн тартибиндеги маселе:
1. Бостон айылындагы борбродук жаме мечитине ысым ыйгаруу жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселе боюнча жаме мечиттин имам-хатиби Ахлидинов Тургуналинын билдирүусү угулду. Ал өз сөзүндө Бостон айылындагы бул жаме мечити юстиция башкармалыгынан каттодон өткөрүлгөндүгү, бирок, кайра каттодон өткөрүү үчүн мечитке ысым ыйгаруу керектигин айтып өттү. Сөзгө чыккан Ахмадалиев Алижан мечитке көп жылдар бою Ислам динин эл арасында жайылтууга, балдарды ыймандуу, Кудайды танып, күнөө иштерден качып, сооптуу иштерге чакырган, балдардын Исламда бекем болуусунан өзүнүн чоң салымын кошкон Абдулла каары ысымын ыйгарууну сунуш кылды.Сөзгө чыккан Жороев Осмон каары, Хажибаев Насир, Эназаров Козубайдар А.Ахмадалиевтин сунушун толугу менен колдоолорун билдиришти. Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап Бостон айылынын тургундарынын жалпы чогулушу
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бостон айылындагы жаме мечитине ушул айылда туулуп өскөн, Ислам динин окумуштуусу Абдулла каары ысымы ыйгарылсын.
2. Жаме мечитине “Абдулла каары” ысымын ыйгаруу боюнча тишиштүү документтерди даярдоо мечиттин имам-хатиби Т.Ахлидиноаго тапшырылсын.
3. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Гулистан айыл кеңешинен суралсын.