Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айылдык Кеңешинин V чакырылышынын X сессиясы
2014-жылдын 10-февралы № X-8
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-февралындагы “Гулистан айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматчыларына Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык кызмат жөнүндөгү” Мыйзамынын негизинде коммуналдык кызмат төлөмдөрүнө жеңилдиктер берүү жөнүндөгү” № 9-буйругун бекитип берүү жөнүндө
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы бюджети 25 252 миң сомду түзгөн. Жергиликтүү бюджеттин планы 6 417,7 миң сом болсо, аткарылганы 7 624,6 миң сом болгон. Айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-январына жергиликтүү бюджетине кошумча 1 206,9 миң сомду түзгөн.
Гулистан айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматчыларынын кадыр-баркын көтөрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын калкты тейлөөдөгү натыйжалуулугун жакшырт уу максатында Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 21-августундагы “Муниципалдык кызмат жөнүндөгү” № 165 мыйзамынын 1V-бөлүм, 28-беренесинин негизинде Гулистан айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-февралындагы “Гулистан айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматчыларына Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык кызмат жөнүндөгү”мыйзамынын негизинде коммуналдык кызмат төлөмдөрүнө жеңилдиктер берүү жөнүндөгү” № 9-буйругу бекитилсин.
2. Гулистан айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы бюджетине киргизилген кошумча кирешенин эсебинен Гулистан айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматчыларына коммуналдык кызмат көрсөтүүгө жеңилдик катары 126 787 сом ажыратылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңештин бюджет, экономика жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулистан айылдык Кеӊешинин төрагасы |
И. Ташматов |
РАСПОРЯЖЕНИЕ
Фрунзе айылы №- 9 10-февраль 2014- жыл
Гулистан айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматчыларына Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык кызмат жөнүндөгү” Мыйзамынын негизинде коммуналдыку кызмат төлөмдөрүнө жеңилдиктер берүү жөнүндө
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы бюджети 25 миллион 252 миң сомду түзгөн. Жергиликүү бюджеттин планы 6 миллион 417,7 сом болсо, аткарылганы 7 миллион 624,6 сом болгон. Айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматчыларынын кадыр-баркын көтөрүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын калкты тейлөөдөгү натыйжалулуугун жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 21-августундагы “Муниципалдык кызмат жөнүндөгү” мыйзамынын 1V-бөлүм 28-беренесинин негизинде айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматчыларынын коммуналдык кызмат төлөмдөрүнө жеңилдиктерди берүү максатында
БУЙРУК КЫЛАМЫН:
1. Гулистан айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы жергиликтүү бюджетине киргизилген кошумча кирешенин эсебинен Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 21-августундагы “Муниципалдык кызмат жөнүндөгү” мыйзамынын 1V-бөлүм 28-беренесинин негизинде муниципалдык кызматчыларга коммуналдык кызмат көрсөтүүгө жеңилдик катары 126 787 сом ажыратылсын. (тийиштүү документтер тиркелет)
2. Айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматчыларына коммуналдык кызмат көрсөтүүгө жеңилдик катары 126 787 сом ажыратып берүү Гулистан айыл кеңешинен суралсын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Гулистан айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ш.Таштемировго жүктөлсүн.