Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XI сессиясы
2014-жылдын 3-апрели № XI-3
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-мартындагы “Гулистан айыл аймагындагы атуул Кочканов Адилжондин жеке менчигинде болгон бассейн объектинин пайдалануу багытын өзгөртүп, күндөлүк керектелүүчү товарлар жана курулуш материалдар сатуучу дүкөн курууга уруксат берүү жөнүндөгү арызы тууралуу” № 31- токтомун бекитип берүү жөнүндө
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-мартындагы “ Гулистан айыл аймагындагы атуул Кочканов Адилжондин менчигинде болгон бүтбөгөн бассейн объектин пайдалануу багытын өзгөртүп, күндөлүк керектелүүчү товарлар жана курулуш материалдары сатуучу дүкөнүн курууга уруксат берүү жөнүндөгү арызын карап, жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндөгү” № 31-токтомун көрүп чыгып, жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндөгү “Ч” № 190764 сандуу мамлекеттик актын, , Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу башкармасынын 2014-жылдын 31-мартындагы № 38/14 -корутундусунун, Кыргыз Республикасынын жер кодексинини 12-13-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү администрациялар” жөнүндөгү мыйзамынын 38-беренесинин негизинде Гулистан айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-мартындагы “Гулистан айыл аймагындагы атуул Кочканов Адилжондин жеке менчигинде болгон бүтбөгөн бассейн объектинин пайдалануу багытын өзгөртүп, күндөлүк керектелүүчү товарлар жана курулуш материалдар сатуучу дүкөнүн курууга уруксат берүү жөнүндөгү арызы тууралуу” № 31- токтому бекитилсин.
2. Гулистан айыл аймагындагы атуул Кочканов Адилжандин жеке менчигиндеги 1266,0 ч.м. жер аянтынын пайдалануу багытын өзгөртүп, күндөлүк керектелүүчү товарлар жана курулуш материалдары сатуучу дүкөн курууга уруксат берилсин.
3. Атуул Кочканов Адилжандин жеке менчигиндеги турак жай куруу үчүн сатып алган жер аянтынын пайдалануу багытын өзгөртүп соода сатык комплексин курууга уруксат берүү жөнүндө тийиштүү документтерди даярдап берүү Гулистан айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гулистан айылдык кеңешинин айыл чарба, курулуш, өнөр жай, ишмердүүлүк, социалдык инфраструктураларды оңдоо бонча туруктуу комиссиясыны тапшырылсын
Гулистан айылдык Кеӊешинин төрагасы |
И. Ташматов |
№ 31 29-март 2015-жыл
Гулистан айыл аймагынын тургуну Кочканов Адилжандин жеке менчигинде болгон бүтпөгөн бассейн объектинин пайдалануу багытын өзгөртүп, күндөлүк керектелүүчү товарлар жана курулуш материалдары сатуучу дүкөн курууга уруксат берүү жөнүндөгү арызы тууралуу.
Гулистан айыл аймагынын тургуну Кочканов Адилжандын айыл өкмөтүнүн 2004-жылдын 12-октябрындагы № 2-токтомунун негизинде сатып алган бүтпөгөн бассейн объектинин багытын өзгөртүп, күндөлүк керектелүүчү товарлар жана курулуш материалдары сатууч удүкөн курууга уруксат берүү жөнүндөгү арызын карап, жер участогуна менчик укугу жөнүндөгү Ч № 190764 сандуу мамлекеттик актысына, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 12-13-статьяларынын, Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу башкармасынын 2014-жылдын 31-мартындагы № 38/14 корутундусунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамынын 38-статьясынын негизинде Гулистан айыл өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл аймагынын тургуну Кочканов Адилжандын жеке менчигиндеги турак жайына тиешелүү 1266,0 ч.м. жер аянтынын пайдалануу багыты өзгөртүлүп, күндөлүк керектелүүчү товарлар жана курулуш материалдары сатуучу дүкөн курууга уруксат берилсин.
2. Максаттык багыты өзгөртүлгөн жер аянтына күндөлүк керектелүүчү товарлар жана курулуш материалдары сатуучу дүкөн куруу үчүн керектүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу бөлүмүнөн суралсын.
3. Ушул токтомду бекитип берүу жагы Гулистан айыл кеңешинен суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гулистан айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси А.Тажимаматовго тапшырылсын.