Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XI сессиясы
2014-жылдын 3-апрели № XI-4
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-мартындагы “Гулистан айыл аймагындагы атуул Кочканова Данахандин жеке менчигинде болгон жер участкасындагы имаратынын пайдалануу багытын өзгөртүп күндөлүк керектелүүчү товарлар сатуучу дүкөн курууга уруксат берүү жөнүндөгү” № 30-токтомун бекитип берүү тууралуу
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-мартындагы “Гулистан айыл аймагындагы атуул Кочканова Данахандин менчигинде болгон жер аянтындагы имаратынын пайдалануу багытын өзгөртүп, күндөлүк керектелүүчү товарлар сатуучу дүкөн курууга уруксат берүү жөнүндөгү” № 30- токтомун көрүп чыгып, жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндөгү “Ч” № 241015 сандуу мамлекеттик актын, , Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу башкармасынын 2014-жылдын 31-мартындагы № 39/14 -корутундусунун, Кыргыз Республикасынын жер кодексинини 12-13-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар” жөнүндөгү мыйзамынын 38-беренесинин негизинде Гулистан айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-мартындагы “Гулистан айыл аймагындагы атуул Кочканова Данахандин жеке менчигинде болгон жер участкасындагы имаратынын пайдалануу багытын өзгөртүп күндөлүк керектелүүчү товарлар сатуучу дүкөн курууга уруксат берүү жөнүндөгү” № 30-токтому бекитилсин.
2. Гулистан айыл аймагындагы атуул Кочканова Данахандин жеке менчигиндеги 1388,0 ч.м. жер аянтынын пайдалануу багытын өзгөртүп, соода-сатык комплексин курууга уруксат берилсин.
3. Атуул Кочканова Данахандин жеке менчигиндеги турак жай куруу үчүн сатып алган жер аянтынын пайдалануу багытын өзгөртүп, күндөлүк керектелүүчү товарлар сатуучу дүкөн курууга уруксат берүү жөнүндө тийиштүү документтерди даярдап берүү Гулистан айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гулистан айыл кеңешинин айыл чарба, курулуш, өнөр жай, ишмердүүлүк, социалдык инфраструктураларды оңдоо бонча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Гулистан айылдык Кеӊешинин төрагасы |
И. Ташматов |
№ 30 29-март 2015-жыл
Гулистан айыл аймагынын тургуну Кочканова Данахандин жеке менчигинде болгон жер аянттагы имаратынын пайдалануу багытын өзгөртүп, күндөлүк керектелүүчү товарлар жана курулуш материалдары сатуучу дүкөн курууга уруксат берүү жөнүндөгү арызы тууралуу.
Гулистан айыл аймагынын тургуну Кочканова Данахондин айыл өкмөтүнүн 2004-жылдын 10-октябрындагы № 8-токтомунун негизинде турак жай куруу үчүн ажыратып берилген жер аянтынынг ордуна максаттык багытын өзгөртүп, күндөлүк керектелүүчү товарлар жана курулуш материалдары сатууч удүкөн курууга уруксат берүү жөнүндөгү арызын карап, жер участогуна менчик укугу жөнүндөгү Ч № 241015 сандуу мамлекеттик актысына, Еыргыз Республикасынын Жер кодексинин 12-13-статьяларынын, Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу башкармасынын 2014-жылдын 31-мартындагы № 39/14 корутундусунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамынын 38-статьясынын негизинде Гулистан айыл өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл аймагынын тургуну Кочканова Данахондин жеке менчигиндеги турак жайына тиешелүү 1388,0 ч.м. жер аянтынын пайдалануу багытын өзгөртүлүп, күндөлүк керектелүүчү товарлар сатуучу дүкөн курууга уруксат берилсин.
2. Максаттык багыты өзгөртүлгөн жер аянтына күндөлүк керектелүүчү товарлар сатуучу дүкөн куруу үчүн керектүу иш кагаздарын даярдап берүү жагы Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу бөлүмүнөн суралсын.
3. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Гулистан айыл кеңешинен суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гулистан айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси А.Тажимаматовго милдеттендирилсин.