Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XI сессиясы
2014-жылдын 3-апрели № XI-5
Гулистан айыл аймагынын Кызыл Сай айылын аралап өткөн Чили Сай сел өткөрүүчү сайдын нугун тазалоо жана жээктерин бекемдөө боюнча ижарага берүү жөнүндөгү Гулистан айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-мартындагы № 28- токтомун бекитүү жөнүндө
Гулистан айыл аймагынын Кызыл Сай айылын аралап өткөн Чили Сай сел өткөрүүчү сай сел калдыктарына, шагал-кумдарга толуп, сайдын жээктерин сел жеп, сайдын айланасындагы кожолуктардын турак-жайларына, огороддоруна, ички чарбалык жолдорго коркунуч жана зыян алып келгендиги тууралу жашоочулар айыл өкмөтүнө бир нече жолу арыз менен кайрылышкан. Сайды тазалоого жана жээктерди бекемдөөгө айыл өкмөтүнүн финансалык мүмкүнчүлүктөрү жетишпейт. Чили Сай сел өткөрүүчү сайды ар дайым тазалап туруу зарыл. Сайдын нугун тазалоо жана жээктерин бекемдөө боюнча аткарылуучу жумуштарды ижарага берүү боюнча айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-мартындагы № 28-токтомун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы “Жарандык коргонуу жөнүндөгү” Мыйзамынын 10-беренесинин негизинде Гулистан айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-мартындагы № 28-токтому бекитилсин.
2. Гулистан айыл өкмөтүнүн Чили Сай айылын аралап өткөн Чили Сай сел өткөрүүчү сайдын нугун тазалоо жана жээктерди бекемдөө боюнча экскаваторщик Эргешов Расулбек Апсатаровичке келишимдин негизинде ижарага берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба, курулуш, ишмердүүлүк жана инженердик инфраструктуралар бонча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Гулистан айылдык Кеӊешинин төрагасы |
И. Ташматов |
№ 28 29-март 2015-жыл
Гулистан айыл аймагынын Беш Коргон айылын
аралап өткөн Чили Сай сел өткөрүүчү сайдын нугун
тазалоо жана жээктерин бекемдөө боюнча ижарага
берүү жөнүндө
Гулистан айыл аймагынын Беш Коргон айылын аралап өткөн Чили Сай сел өткөрүүчү сайн сел калдыктарына, шагал-кумдарга толуп, сайдын жээктерин сел жеп, сайдын айланасындагы
кожолуктардын турак жайларына, тамаркаларына, ички чарбалык жолдорго коркунуч жана зыян алып келгендиги тууроалу жашоочуларлдан айыл өкмөтүнө бир нече жолу арыз мнен кайрылышкан. Сайды тазалоого жана жээктерди бекемдөөгө айыл өкмөтүнүн финансалык мүмкүнчүлүгү жетишпейт.
Чили Сай сел өткөрүүчү сайды ар дайым тазалап түрүү зарыл. Сайдын нугун тазалоо жана жээктерин бекемдөө боюнча жумуштарды ижирига берүү боюнча айыл өкмөтүнүн жарандык коргоону комиссиясынын 2014-жылдын 28-мартындагы актысын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы “Жарандык коргонуу жөнүндөгү” Мыйзамынын 10-беренесинин, Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкаруу Мыйзамынын 46-беренесинин негизинде
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Гулистан айыл аймагынын Жарандык коргонуу комиссиясынын 2014-жылдын 28-мартындагы актысы бекитилсин.
2. Гулиистан айыл аймагынын Беш Коргон айылынаралап өткөн Чили Сай сел өткөрүүчү сайдын нугун тазалоо жана жээктерин бекемдөө боюнча экскаваторшик Эргешов Расулбек Апсатаровичке келишимдин негизинде ижарага берилсин.
3. Ижарага берүү боюнча керектелүүчү иш кагаздарын даярдоо Гулистан айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Ш.Таштемировго жана айыл башчысы А.Эркабаевге жүктөлсүн.
4. Токтомдунг аткарылыфшын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысынын орунбасары И.Айбашовго тапшырылсын.
5.Токтомду бекитип берүу жагы Гулистан айыл кеңешинен суралсын.