Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XIV сессиясы
2014-жылдын 9-июлу № XIV-2
Гулистан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө кошумча 300 миң сом акча каражаты пландаштырылганына байланыштуу бюджетке өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-жарым жылындагы жергиликтүү бюджеттин аткарылышын көрүп чыгып жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү боюнча атайын иш чаралар иштеп чыгылган. Айрым салык түрлөрү боюнча 2014-жылга пландаштырылганга кошумча 300 миң сом акча каржаты топтоо мүмкүнчүлүгү бар экендиги аныкталды. Планга кошумча топтолгон акча каражатынын эсебинен жергиликтүү маанидеги көйгөйлүү маселелерди чечүү максатында айыл өкмөтү 2014-жылдын бюджетине өзгөртүү киргизип берүүнү суранган.
Бул маселе айыл кеңештин бюджет, экономика жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясында көрүп чыгылды жана сессияга тийиштүү сунуш берилген.
Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап Гулистан айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл өкмөтүнүн 2014-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин кирешелер бөлүгүнө кошумча 300 миң сом киреше түзүлгөн сметанын негизинде бекитилсин.
2. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө кошумча пландаштырылган 300 миң сом акча каржатынын чыгашасы түзүлгөн сметанын негизинде бекитилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, экономика жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулистан айылдык Кеӊешинин төрагасы |
И. Ташматов |
Элемент | Доход | 2014 год | В том числе | |||
|
|
| 1-кв | 11-кв | 111-кв | 1V-кв |
113121 | Налог на транспорт. средства | 100,0 |
|
| 100,0 |
|
11321100 | Земельный налог на приусадебные участки | 100,0 |
|
| 100,0 |
|
11321300 | Земельный налог на несельхозназначение | 100,0 |
|
| 100,0 |
|
| ИТОГО | 300,0 |
|
| 300,0 |
|