Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVIII сессиясы
2014-жылдын 29-октябры № XVIII-3
Гулистан айыл кеңешинин ачык сессияларын өткөрүүнүн Жобосун бекитүү жөнүндө
Бул жобо «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун буйругу менен бекитилген Жергиликтүү кеңештердин типтүү регламентине ылайык иштелип чыкты жана жер-жерлерде жергиликтүү кеңештердин сессияларын ачык даярдоо, өткөрүү жана сессиялар ачык өткөрүү тууралуу маалыматты таркатуу жол-жоболорун жөнгө салат. Бул жобонун негизинде айыл кеңештин өткөрүлүп жаткан бардык сессиялары ачык болууга тийиш. Ошондуктан сессияларга жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүн, компетенттүү адистерди жана кызыкдар тараптарды сессиянын ишине катышуу үчүн чакырууну уюштуруу керек. Жабык сессиялыр мамлекеттик сыр боюнча маселелер каралган учурдагына өткөрүлүүсү мүмкүн.
Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап, Гулистан айыл кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл кеңешинин ачык сессияларды өткөрүү боюнча Жобосу бекитилсин.(тиркелет)
2. Айыл кеңеши тарабынан өткөрүүлүчү бардык сессияларды ушул Жобонун негизинде өткөрүлүүсүн камсыз кылуу айыл кеңештин жооптуу катчысы С.Эркабаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Гулистан айылдык Кеӊешинин төрагасы |
И. Ташматов |
| Гулистан айыл кеңешинин 29-октябрь 2014-жылдагы ХV111- сессиясы № ХV111-3 токтомуна № 1-тиркеме |
I. Жалпы Жоболор;
II. Жер-жерлерде сессияларды даярдоо жана ачык өткөрүү жол-жоболору;
III. Сессияларды ачык өткөрүү тууралуу маалыматтарды жайылтуу;
Бул типтүү жобо «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун буйругу менен бекитилген Жергиликтүү кеңештердин типтүү регламентине ылайык иштелип чыкты жана жер-жерлерде жергиликтүү кеңештердин сессияларын ачык даярдоо, өткөрүү жана сессиялар ачык өткөрүү тууралуу маалыматты таркатуу жол-жоболорун жөнгө салат.
I. Жалпы жоболор.
1. Бул жобо жергиликтүү кеңеш тарабынан өзгөртүүлөр жана кошумчалар менен өзүнчө документ катары кабыл алынат.
2. Жергиликтүү кеңештин ишмердигинин негизги уюштуруу-укуктук формасы болуп сессия эсептелет.
3. Жергиликтүү кеңештин сессиялары коомчулук үчүн ачык болот. Ар бир жаран жергиликтүү кеңеш бекиткен регламентке ылайык сессияларга катышканга укуктуу.
4. Жергиликтүү кеңеш сессиянын болор күнү, анын күн тартиби тууралуу жарандарга алдын ала маалымдоо, аларды сессияга катышуусуна шарт түзүү, ошондой эле кабыл алынган чечимдер тууралуу маалыматтарды жергиликтүү коомчулукка жеткирүү боюнча бардык чараларды көрүүгө милдетүү.
5. Жабык сессияларда каралган маселелер мыйзамдарга ылайык мамлекеттик сырга тиешелүү болгон учурда өткөрүлөт.
II. Жер–жерлерде сессияларды даярдоо жана ачык өткөрүү жол-жоболору
1. Жергиликтүү кеңештин төрагасы жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүн, компетенттүү адистерди жана кызыкдар тараптарды сессиянын ишине катышуу үчүн чакырууну уюштурууну жетектейт.
2. Аталган жактарды чакырууну түздөн түз уюштуруу менен жергиликтүү кеңештин жооптуу катчысы, ошондой эле жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары, тиешелүү туруктуу комиссиялардын төрагалары жана депутаттары алектенет.
3. Жергилктүү кеңештин төрагасы өткөрүлүп жаткан сессия тууралуу маалыматты жайылтууга көмөк көрсөтүүнү жергиликтүү активисттерден, өкмөттүк эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрүнөн сурана алат.
4. Өткөрүлө турган сессия тууралуу маалымат сессия өткөрүү күнүнө 10 күн калганга чейин эл көп чогулган жайларга илинет, жергиликтүү кеңештин сайтында жайгаштырылат жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.
5. Ошондой эле тиешелүү жактар үчүн атайын чакыруулар жөнөтүлүшү, жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү үчүн атайын баракчалар таркатылышы мүмкүн.
6. Жергиликтүү кеңеш өткөрүлө турган сессия тууралуу маалыматты жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймактык органдары аркылуу тарката алат.
7. Конок катары ачык сессияга катышып жаткандар үчүн атайын жай аныкталат жана даярдалат, алардын катышуусу үчүн тиешелүү шарт түзүлөт.
8. Катышуучулар үчүн даярдалган орундан көп адам келген учурда, төрага катышуучулар бата турган башка жайды уюштурат же катышуучулардын сессиянын өтүшү менен таанышуусуна шарт түзөт. Орунду ырастоодо жергиликтүү кеңешке анын аткаруу органы жана анын бөлүмдөрү жардам берет.
9. Конок катары катышып жаткандарды жооптуу катчы каттайт.
10. Сессияны ачар алдында кеңештин төрагасы (төрагалык кылуучу) катышуучуларды жергилктүү кеңештин сессиясына катышуунун жалпы эрежелери менен тааныштырат.
11. Жергиликтүү кеңештин сессиясы учурунда катышуучулардын сессиянын жүрүшүнө кийлигишүүгө же тоскооолдук кылууга укугу жок. Ачык сессияларга катышуучуларга сөз депутаттардын макулдугу менен берилет.
12. Тоскоолдук кылган учурда кеңештин төрагасы (төрагалык кылучуу) мындай катышуучуларды залдан чыгарып жиберүүгө укуктуу.
III. Сессиялардын ачык өткөрүү тууралуу маалыматтарды жайылтуу
1. Өткөрүлгөн сессия, кабыл алынган чечим тууралуу маалымат жергиликтүү кеңештин сайтына (бар болсо) жайгаштырылат жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.
2. Жергиликтүү кеңеш бул маалыматты жергиликтүү коомчулук үчүн эл көп чогулган жерлерге жайгаштыра алат.
3. Ошондой эле жергиликтүү кеңеш сессиянын жыйынтыктарын өзүнчө басылма түрүндө чыгара алат.
4. Жергиликтүү кеңештин төрагасы өткөрүлгөн сессиялардын ачык өткөндүдүгү тууралуу маалыматты айрым депутаттардын, коалициялардын, фракциялардын жана кеңештин отчеттору аркылуу калкка жеткирилишине көмөк көрсөтөт.
5. Жергиликтүү кеңештин төрагасы өткөрүлгөн сессия тууралуу маалыматты жайылтууга көмөк көрсөтүүнү жергиликтүү активисттерден, өкмөттүк эмес жана башка уюмдардн өкүлдөрүнөн сурана алат.
6. Депутаттар өткөрүлгөн сессиялардын чечимдерин шайлоочулар менен жолугушуу учурунда калкка жеткире алат.
7. Кызыкдар тараптар, жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү өткөрүлгөн сессиялардын ачык өткөндүгү тууралуу маалымат алууга укуктуу.
8. Жергиликтүү кеңештердин сессияларын даярдоо, өткөрүү, ошондой эле маалымат таркатуу менен байланышкан чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.