Загрузка документа…
ЖУМГАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-апрели № 7
Каралган маселе: Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча БШК-нын жарандарга, саясий партияларга, коомдук уюмдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (жергиликтүү Кеӊештерге) кайрылуусунун негизинде Жумгал айыл аймагындагы Жумгал, Лама участкалык шайлоо комиссиясынын № 4101, № 4102 шайлоо участкаларына, УШК-нын курамына жана резервине талапкерлерди бекитүү жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселе боюнча Жумгал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын билдирүүсүн жана маалыматын угуп, жарандык коомдордон, эмгек жамааттарынан түшкөн участкалык шайлоо комиссиясынын курамына резервине талапкерлерди көрсөтүү боюнча протоколун карап чыгып, Жумгал айылдык Кеӊешини
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумгал айыл аймагындагы № 4101 жана № 4102 участкалык шайлоо комиссиясынын (УШК) Курамына жана резервине төмөндөгү жарандар бекитилсин (тиркеме тиркелет) жана бул талапкерлер Жумгал райондук аймактык шайлоо комиссиясына (АШК) сунушталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын Жумгал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
3. Бул Токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, Jumgal.kg веб сайтына жарыялансын, жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагын Жумгал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы К.Мамбеткуловага милдеттендирилсин .
Жумгал айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Санташов |
| Жумгал айылдык кеӊешинин 29- апрель 2014-жылдагы № 7 Токтомуна тиркеме № 1 |
Жумгал айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссиясынын № 4101 № 4102 участкалык шайлоо комиссияларына, участкалык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөндөгү жарандар бекитилсин.
№ 4101- участкалык шайлоо комиссиясына (УШК) төмөндөгү талапкерлер сунушталсын
Эстебесов Жумабек
Буларов Шамшыбек
Акыналиева Фарида
Садыков Таалайбек
Карагулова Айгүл
Шамбекова Айна
Ажыкеева Перизат
Жээнбеков Кошой
Жээнбеков Доктурбек
№4102- участкалык шайлоо комиссиясына (УШК) төмөндөгү талапкерлер сунушталсын
Жунушов Баяс
Касымов Кылыч
Рысалиева Гүлназ
Алкадырова Перизат
Бегалиев Бактыбек
Жээнбаева Дамира
Жумалиев Марат
Дарбек уулу Максат
Мамбеталиев Салтанат