Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXотуруму
2015-жылдын 2-апрели № 112
Жайыт комитетинин 2014-жылда аткарган иштери жана 2015-жыл үчүн бюджетин, иш планын бекитүү,
жайлоого кетүүчү мал-жандыктар үчүн тарифтин өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Жайыт комитетинин 2014-жылда аткарган иштери жана 2015-жыл үчүн бюджетин, иш планын бекитүү, жайлоого кетүүчү мал-жандыктар үчүн тарифтин өлчөмүн бекитүү жөнүндөгү маселени карап талкуулап чыгып Куршаб айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Малдарды алыскы жайлоого көчүрүү убактысы 25-майга чейин белгиленип, жайыт комитетине жана айыл башчыларына көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч калтырбай алыскы жайытка көчүрүү жагы милдеттендирилсин.
2. Элдин малын багууда малчылардын эмгек акысы:
Жылкыга-500
Кара малга-400
кой, эчки-80сом
3. Жайыт комитетинин жайыт белет баасы:
Жылкыга-70
Кара малга-70
Кой, эчки-15сом
4. Алыскы жайлоого көчпөгөн малчыларга (элдин малын, коюн топтоп баккан) ушул жерде бакса төмөндөгүдөй айыпка жыгылат:
Жылкыга-1000
Кара мал-1000
Кой, эчки-200сом
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө электр энергия, байланыш, таза суу, коммуналдык чарба, ветеринардык кызмат жана жайыт боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Куршаб айылдык кеӊешинин төрагасы: | Т.Х. Ахунов
|
|
| Куршаб Жайыт комитетинин 2014-жыл ичинде аткарган иштери боюнча |
ОТЧЕТУ
Куршаб айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмеси тарабынан иштеп чыгарылган жайыт пайдалануучунун планы ушул ЖК караштуу жайыт участкаларын жакшыртуунун перспективалуу иш пландарын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жайыт пайдалануу жөнүндөгү» мыйзамынын негизинде 2009-жылы 8-июлда Куршаб айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмеси түзүлүп иштей баштаган.
Куршаб айылдык кеёешинин (бешинчи шайланган) кезектеги ХIII отурумунун № токтомунда бекитилген иш пландын жана бюджеттин аткарылышында бир топ оор маселелер болгондугуна карабастан көптөгөн ийгиликтүү иштерди аткара алдык.
. 2014-жылы жалпы бюджети 364370 сом түзүп, чыгаша бөлүгү дагы 364370 сом болду. аткарылганы 314314 сом же 86% жыйналды,өндүрүлбөй калган салык 50,0 миё сом болду.
Анын да негизги себеби биздин жайытка чыкпай Лесхоз, Алтын Булак жайыт комитетине төлөп койгондон болуп жатат.
Чегерилген салыктардан айыл өкмөттүн жер салыгына 34700 сом, соц.фондко 10870 сом,подоход салыгына 13275 сом,инфраструктурага 40,0 мин сом, Жогорку Кайнар дагы булактын тегеректерин тсоуу үчүн 40,0 мин сом, Кой Таш жайлоочуларына 5 км.жерден суу алып келүүгө 40,0 мин сом иш аткарылды.
Эмгек жана башка чыгымдар болуп баардык чыгаша бөлүгү 307699 сом болду.
Ревизиондук комиссиясынын отчету тиркелет.
Малдын санын тактоо боючна ветеринардык кызматкерлер,айыл өкмөтүнүн адистери менен биргеликте мал эмдөөдө мал санакта кошо иш жүргүздүм. Элдин колундагы малдын саны уй 2141 баш, жаш малдар 2551 баш, кой-эчки 14221 баш, жылкы 1232 баш болду. Аны коэффициент мене шарттуу башка айландырып бюджетке 2015-жылы айылдык кееёештин каросоуна болжолдуу план иштелип чыкты. 2015-жылг бюджеттин киреше бөлүгү 365715 сом,чыгаша бөлүгү да 365715 сом болот.Быйылкы жылы кара мал 70 сом, кой эчки 15 сом, жылкы 100 сом болорун эске алып түзүлдү. 2014-жылы жайты пайдалануучулар менен тыгыз иш жүргүздүм.
Такталбаган маселелер боюнча районго, областка барып тиешелүү адамдарга жолугуп аз да болсо алыскы жайыттын маселеси чечилди. Ошого карабастан алыскы жайыт Алтын Балк менен талаш бойдон калууда. Алардын адамдары жолду тсоуп,бирден койду алып жатышат. Районду да укпай жатышат.Айыл өкмөттүн жер адиси менен түзүлгөндөн бери акты түзө элекпиз.Жайыттын эсебинен жүгүрүп жүрүп госрегистрден жер адиси Ачилдин менен бирдикте бир жүрүп жакынкы жайыттын картасын көрсөттүрүп алдык. 4000 сом акча госрегистрге төлөндү.
Мал жая турган пада өтө турган жерлер айлы өкмөттүн келишими менен аренда жер катары берилген жерлер бар. Куршаб чоё эл,малы көп,салык жыйноодо кыйынга туруп жатат. Жайыт акы бербеген айрым атуулдар менен иштөө өтө оор,төлөбөгөндөрдү аксаккалдар сотуна берсек да келбей жаткан убактар болду.Жайлоо алыс.убара болуп барсаё транспорт чыгым акталбай калат. Бизге колдоо көрсөтүп жаткан мүчөлөрүбүз Аккулов Ысмайыл,Тагаев Кырман, Оморов Тойчуларга ыраазычылык билдиремни.
Алайкуу жайлоосунда 3405 га.жерге малчылар алыс деп барбай жатышат.Гипроземдин тактоосу боюнча чийилген.картада көрсөтүлгөнүнө карабастан чектеш айыл өкмөттөрүменен талаш тартыш маселелери курч бойдон калууда.
Алыскы жайыттар:
Шор 975 га
Капкан Сырт 1350 га
Лесхоз 1680га
Алайку 3405 га
Жакынкы жайыт 2447 га. Баары 9857 гектарды түзөт.
Алайку жайыты алыс болгондуктан анын чек араларын тактоо максатында 2012-жылы атайны жайыт пайдалануучлуар бирикмесинин жыйынын чечими менен Жумушчу топ түзүлгөн.Кара Кулжа районунун Ойтал айыл өкмөтүнө барып Алайку жайытынын чек араларын жеринде талкууланып жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 254 токтому менен 2025-жылга чейин пайдалануу дайын болгон. Геоцентр ЖКК башкармалыгына жөнөтүлгөн анын негизинде ажйты чек араларынын картасы даярдашкан,ал ишке ашкан жок. Ага карабай быйыл чыгымына чыдап Алайкууга барабыз деген малчылар бар. 2-3 жылдан бери төлөлбөй жүргөн атуулдар ушул залда отурушат. Эркин. Маданият. Чоку Таштагы жакынкы жайытта отуруп ээлеп үй салып алган Мыра Арык айылынын малчылары менен сиздер аркылуу иш жүргүзүп 2015-жылы комиссия түзүп чечкиндүү ишч ара түзүп иш алып барсак. Бюджет толот эле, жайытты өнүктүрүүгө жумшалат болчу. Жайыт комитетинин курамы 17 адамдан анын баары эле иш бербейт,анын да айрым адамдарды өзгөртүү керек. Иш пландын негизинде АРИС програмамсы менен жайыт комитетинин курамы менен бирдикте алыскы жайлоолорго жол,көпүрө, булак суу алып келүү жана ,раскол салыш боюнча иш алып баруубуз керек.