Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 24-марты №19/1
Жоош айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгы боюнча эсептөө комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" Жобонун V бөлүгүнүн 34-пунктуна ылайык Жоош айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгы боюнча эсептоо комиссиясынын 2012- жыл 24-мартындагы протоколу бекитилсин.
2. 2012-жылдын 24-мартындагы эсептоо комиссиясынын протоколунун негизинде Жоош айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Козуев Абийбилла Самидинович шайланды.
Жоош айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Утуров |